Доор жаңырткан аял лидерлиги аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн коомду бириктирүү

June 2, 2021, 06:30

2021-жылдын 3 -июнь күнү Ош шаарында “Доор жаңырткан аял лидерлиги аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн коомду бириктирүү” аталышындагы диалог болуп өтөт.


Иш чаранын максаты узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыздаган натыйжалуу ыкмаларды издеп табууда жаңжалдарды чечүү жолдору боюнча көз караштарын, пикирлерин билдириши үчүн жабыркаган аймактан келген аялдарга аянтча түзүп, алар менен бетме-бет баарлашуу.


Иш чарага жабыр тарткан Баткен жана Лейлек райондорунун аймактарынан 30 жакын жергиликтүү кеңештин аял-депутаттары, депутаттары, активист аялдар, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Аял-депутаттар Форумунун мүчөлөрү, КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, жарандык коомдун жана өнүгүү институттарынын өкүлдөрү, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” 1325 Резолюциясын  жүзөгө ашыруу боюнча  иш-аракеттердин Планын иштеп чыгуу боюнча  ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү жана ММК өкүлдөру катышышат. 


Иш чара диалог форматында өтүп, катышуучулардын баарына талкууга жана сунуштарды иштеп чыгууга активдүү катышып, өз оюн ортого салуусуна мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле диалог учурунда төмөнкүдөй үч багыттагы маселелер талкууга алынат:

  • Жаңжалдарга карата шашылыш (чукул) аракет кылуу мезгилиндеги лидер айымдардын тажрыйбасы;
  • Жабыркаган тургундарга гуманитардык жардам кѳрсѳтүү процесстеринде лидер аялдардын тажрыйбасы;
  • Чек арага жакын аймактардагы жаңжалдарды жѳнгѳ салуу жаатындагы  айымдардын пикирлери.


Иш чаранын жыйынтыгында жаңжал учурунда чукул аракеттенүүдө, жаңжалдан кийинки калыбына келтирүү процесстеринде жана талаш маселелерди жѳнгѳ салууда аялдардын катышуусунун жана алардын салымынын маанисин таанууга жетишүу күтүлүүдө. Андан тышкары жаңжалды жѳнгѳ салуу боюнча саясий процесстерге аялдардын катышуусун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекси бирге иштелип чыгат; БУУнун  Коопсуздук Кеңешинин “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” 1325 Резолюциясынын алкагында  Кыргызстандын милдеттенмелерин аткаруу боюнча кийинки Иш-аракеттердин улуттук планына киргизүү  үчүн сунуштамалар иштелип чыгат; Мындан тышкары рекомендацияда чечим кабыл алуучу деңгээлдеги адамдардын чек арага жакын аймактагы калктын, ѳзгѳчѳ аялдардын жана балдардын муктаждыктары жѳнүндѳгү маалымдуулугун арттыруу да камтылууга тийиш.  


Иш чара БУУнун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланган “Зордук-зомбулук менен коштолгон экстремизимдин алдын алуу үчүн инклюзивдүү башкаруу жана сот адилеттиги системасы” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан өткөрүлүп жатат. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен өнөктөштүктө уюштурулду.