Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары: Илим гана бизге вакцинаны, электр машиналарын түзүүгө жана кала берсе башка планетага марсоходду кондурууга жардам берет

May 20, 2021, 07:40

Жылдыз Бакашова гендердик кодулоо кыздардын потенциалы ачылбай калышына алып келет деп белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова БУУнун Балдар фондунун «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган «Илимдеги кыздар» онлайн-форматындагы тегерек столго катышты.

Бакашова сапаттуу билим алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Тилекке каршы, Кыргыз Республикасында мектеп билим берүүсү башка өлкөлөрдөн эчак озуп кеткен, өзгөчө математика жана так илимдер жагынан озуп кеткен. Ал эми кыздар болсо гендердик кодулоонун айынан бул тармактарда дегеле артта калышы мүмкүн болчу, бул – сабакта жетишүүдөгү ажырым деп аталат, ал кыздардын ачыла элек потенциалына алып келет жана ал экономика үчүн жылына миллиондогон сомдорго айланышы мүмкүн. Ошондуктан биздин бардык жаш балдарыбыз үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу, улан-кыздарыбыз Кыргызстанда, Борбордук Азияда, бүткүл дүйнөдө илимде мыкты ийгиликтерге жетиши үчүн реалдуу өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ишти жүргүзүү маанилүү», - деп айтты ал.

Бакашова өлкөнүн мектептеринде сабак өтүү процесстеринде гендердик теңчилик принциптерин алга илгерилетүү үчүн, так илимге окутууда гендердик жактан сезимтал ыкмаларды киргизүүгө жардам бергендиги үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна, БУУнун Балдар фондуна ыраазычылык билдирди.

«Билесиңерби, мен кичинекей кыз кезимде, мен Ысык-Көл областынын Ак-Булуң айылында өскөм, ошол тээ алыскы мезгилде эле менин атам дүйнө тез өзгөрүп жатат деп айтчу. Ал жакынкы учурда, анын көзү тирүү кезинде, лидер эркектер же лидер аялдар деген болбой калат, жөн гана лидерлер болот деп үмүттөнчү. Бүгүн, бул жерде туруп жана ушундай жакшы демилгелер ишке ашып жатканын көрүп, дүйнө чындыгында эле өзгөрдү жана саясаттагы же экономикадагы гана эмес, ошондой эле биринчи кезекте илимдеги чыныгы лидерлердин мезгили келди деп ишенимдүү айта алам. COVID-19 пандемиясы келечекте биздин эң орчундуу көйгөйлөрүбүздү чечүүгө илим гана жардам берип, адамдар оорубасын үчүн вакциналарды жасап, курчап турган чөйрө булганбасын үчүн электр машиналарын чогултуп, бүтүндөй континенттерде туруктуу энергосистеманы өнүктүрүп жана кала берсе башка планетага марсоходду кондура аларын далилдеди!», - деп айтты ал.

Жылдыз Бакашова балдар үчүн мыкты мугалимден артык эч нерсе жок деп улантты.

«Мыкты мугалимден артык эч нерсе жок экенин биз бардыгыбыз билебиз. Биздин мугалимдерибиз онлайн жана оффлайн форматтарда абдан көп иштеп жатат. Мен ишенип турам, бүткүл Кыргызстан боюнча мугалимдер өз ишин жалаң гана акча үчүн жасап жаткан жок, анткени мугалимдерге, тилекке каршы, ойдогудай маяна али төлөнө элек. Алар өз ишин даңк алуу үчүн жасап жаткан жок. Алар өз ишин балдарды жакшы көргөндүгү үчүн, аларга ишенгендиги жана биздин балдар-кыздарыбыз XXI кылымда ийгиликке жетишүүсү үчүн жасап жатат. Биздин мугалимдерибизге терең таазим кылабыз! Билим жана жыныстардын теңдештиги 2030-жылга чейинки мезгилдерге туруктуу өнүктүрүү жагындагы күн тартиптин ажыралгыс бөлүгү болуп саналат», -деп айтты ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары өз сөзүндө Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча социалдык жана гуманитардык илимдерди изилдеген студенттердин 86%га чейинкисин кыздар түзөт, бул билим берүү чөйрөсүндө гендердик стереотиптердин жоктугу жөнүндө айтып турат деп белгиледи.

«Бул долбоор кыргызстандык кыздарга жашоонун бардык чөйрөлөрүндө өзүнүн чыныгы потенциалын ачууга жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана так илимдер чөйрөсүндө экономиканын тез өсүп жаткан секторунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга даяр болууга жардам берет деп эсептейм. Эгерде биз бардыгыбыз жан үрөп эмгектенсек, эгерде өлкөбүздө ушундай демилгелер көп болсо, гендердик жактан сезимтал педагогдор көп болсо жана биз бардык балдардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн бөгөттөрдү жок кылсак, ар бир адам өлкөбүздүн илимин, социумун жана экономикасын өнүктүрүүгө өз салымын кошсо, биз сөзсүз түрдө, ар бир адамда өзүнүн дараметин ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар болгон өлкөнү курабыз деп ишенем!», - деп сөзүн жыйынтыктады Жылдыз Бакашова.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы 

 Vesti.kg