Эко-маданият: демилгелердин ортолук жыйынтыгы

May 20, 2021, 06:36

2021-жылдын 18-19-майында Бишкек шаарында «Терра Паблик» инновациялык технологиялар КФ өлкөбүздө 15 жылдан ашык ийгиликтүү ишке ашырылган маданий демилгелердин Биенналесин (форумун) уюштурду.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан
«Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору жана Билим фестивалы долбоору Форумдун алкагында өз ишин жана өз демилгелерин ишке ашырууну презентациялады.

 

Ар кандай иш-чаралар жана көрсөтмөлүү окуу куралдарын түзүү аркылуу салттуу экологиялык билимдерди сактоо жана аларды билим берүүнүн заманбап методологияларын интеграциялоо эко-долбоордун негизги милдеттери болуп саналат. Биенналеде кыргыз жана орус тилдеринде мурда иштелип чыккан Методикалык окуу куралы жана «Билим сандыгы: Кыргызстаныбызды кыдырабыз» оюн дидактикалык материалы презентацияланды. Материал мектепке чейинки мекемелердин методисттерине, тарбиячыларына жана башталгыч мектептин педагогдоруна арналган (иштелип чыккан материалдар Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан жактырылган 2019-ж.).

 

Көргөзмөнүн (Биеннале) жаш көрүүчүлөрү үчүн долбоор «Өз мекениңди – Кыргызстанды таанып-бил, сүй жана сакта» деген лозунг астында Кыргызстан боюнча кызыктуу виртуалдуу саякатты даярдады жана өткөрдү. Чакырылган мейманыбыз жана биздин долбоорлорубуздун жаш жакшы досу Урмат Борченов угуучуларыбыз үчүн «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» китебинен бир нече главаны окуп берди.

 

Эске сала кеткибиз келет, 2020-жылдын жазында карантин (COV -19) учурунда «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» китебин өлкөнүн чыгармачыл жаштарынын белгилүү өкүлдөрү 2 тилде окуп берди жана видеороликтер даярдалды, алар үй-бүлөнү чыңдоого жана жаратылыш менен Мекенге аяр мамилени тарбиялоого өз салымын кошуп жатат.

 


Виртуалдуу саякаттын бардык роликтери бардык көрөрмандарыбызга биздин youtube-каналыбызда жеткиликтүү.


Мастер-класстар жана презентациялар менен катар биз заманбап санариптик өбөлгөлөрдү пайдалануу менен экологиялык тарбиялоо боюнча Билим кербенин өткөрдүк. Биздин Билим кербенибиздин меймандары кызыктуу маалыматты угуп, ошондой эле анимациялык мультфильмдери бар презентацияны көрүп гана тим болбостон, ошондой эле өз билимдерин интерактивдүү текшере алды.


Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө (2014-жылдан тартып) Бишкек шаарынын бардык мектептеринде жана 14 000ден ашык мектеп окуучуларынын катышуусу менен жайкы мектеп алдындагы лагерлерде «Экологиялык тарбиялоо боюнча Билим кербенинин» 150дөн ашык презентациясы өткөрүлдү.


Экологиялык долбоор сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү түзүү максатында экологиялык акцияларды жана иш-чараларды сырттан карап байкап туруучунун позициясынан алардын активдүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу Бишкек шаарынын балдарында жана жаштарында, тургундарында экологиялык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатууга багытталган.

 

Көргөзмөдө ошондой эле көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта жана алардын колдоосу менен жашылдандырууда жана биомаданий ар түрдүүлүктү даңазалоо боюнча көп сандаган иш-чараларды жүргүзүүдө долбоордун көп жылдык ишинин натыйжалары көрсөтүлдү.

Пленардык дискуссияда Данияр Сүйүндүк уулу (эко-долбоордун адиси) «Экологиялык демилгелердин генератору жана аларды эко тренддерге өзгөртүп түзүү» деген өз сөзүндө Фонддун экологиялык демилгелери, аларды мультипликациялоо жөнүндө жана натыйжалар жөнүндө айтып берди.


* - «Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» эко-акциясы – 147 уюмдун (мектептер, мектепке чейинки билим берүү уюмдары (МЧБУ)) жана билим берүүчү өнүктүрүү уюмдарынын аймагында көчөттөрдү отургузуу. 48 000ден ашык көчөт (бак-дарактар жана бадалдар) отургузулду. Негизги максаттардын бири белгилүү эколог Э.Шукуровдун идеясына ылайык Бишкектин «Жашыл тилкесин» түзүү болду.

- «Менин жашыл досум» эко-акциясы – Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан (МЧБУ) жана мектеп-интернаттардан 3 000ден ашык бала бөлмө өсүмдүктөрүн туура отургузууга жана аларды багууга үйрөтүлдү.


Албетте, көргөзмөдө «Билим фестивалы» долбоорунун (БФ) презентациясын өткөрүп жиберүүгө мүмкүн болгон жок, ал Бишкек шаарында кызматташтыкты жана биомаданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүүнү чыңдаган ар кыл өнөктөрдүн жолугушуусунун негизги платформасы болуп калды.

 

Жети Билим фестивалынын ичинен төртөө эко-долбоордун алкагында өттү, аларга 80 000ден ашык адам катышты.

 

Курчап турган дүйнө менен ысык мамиледе жашаган, өсүп келаткан, экологиялык жактан маданияттуу муунду тарбиялоо үчүн курчап турган чөйрөгө муунду шыктандырган кызыктуу китептер, салттуу оюндардын жыйнактары, пайдалуу эко-мультфильмдер же стол оюндары түрүндөгү тиешелүү инновациялык билим берүүчү ресурстарга ээ болуу зарыл. Биздин долбоорлорубуз ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жана салттуу билимдерди жана эко-маданий практикаларды даңазалоого өз салымын кошуп жатат.