Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

May 2, 2021, 09:12

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоору Баткен областтарынын Ак-Турпак жана Орозбеков пилоттук муниципалитеттерине өтө зарыл тамак-аш азыктарын жана жеке гигиена каражаттарын сатып алууда жардам көрсөттү.


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам чыр-чатак зонасынан 20 миңден ашык жергиликтүү калк эвакуацияланды. Долбоордун Ак-Турпак жана Орозбеков пилоттук муниципалитеттери эвакуацияланган адамдардын бир бөлүгүн кабыл алды жана өз аймагында жайгаштырды. Алсак, бул учурга карата Ак-Турпак айылынын жана Орозбеков айылынын аймактарында 3000ден ашык адам жайгаштырылды. Негизинен булар аялдар, балдар жана улгайган адамдар. «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондуна жогоруда эске алынган айылдардын ЖӨБОлорунун өкүлдөрүнөн гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен суроо-талаптар келип түшкөн.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын мобилдүү тобу 215 000 сом өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды (ун, кан, өсүмдүк майы, туз, макарон, памперстер (балдар үчүн өтө зарыл), нымдуу салфеткалар, балдар тамак-ашы, балдар печеньеси, шамдар, чарбалык самын, ажаткана кагазы) сатып алды жана долбоордун пилоттук муниципалитеттерине жөнөттү.


Ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жамааты Баткен областынын жабыркаган райондорунун тургундарына бир күндүк эмгек акы бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорун БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун финансылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ), БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ), «CDA» КБ жана «АТиК» КФ менен бирдикте ишке ашырып жатат.