«Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында менторлордун экинчи тобу даядыктан өттү

April 20, 2021, 16:58

Бүгүн, 2021-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарында «Илимдеги кыздар» долбоорунун менторлору үчүн тренинг өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги Элмира Иманалиева, ЮНИСЕФтин программалык менеджери Нора Суюналиева, «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова, «Илимдеги кыздар» долбоорунун эксперти Гүлжамал Султаналиева катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова кириш сөз менен кайрылды, ал долбоордун максаты жөнүндө айтып берди жана кыздарды өнүктүрүүгө салым кошуу ниети үчүн менторлорго ыраазычылык билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги Элмира Иманалиева «Илимдеги кыздар» долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи жана бул пилоттук мектептер үчүн жана бүтүндөй алганда өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп айтты.

Окутуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин программалык менеджери Нора Суюналиева менторлорго долбоордун максаттары жөнүндө жана STEM’деги кыздардын потенциалын жогорулатуунун эмне кереги бар экендиги жөнүндө айтып берди.

«Илимдеги кыздар» долбоорунун эксперти Гүлжамал Султаналиева «Ментордун ишинде гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алуу» темасына презентация менен сөз сүйлөдү.

Долбоордун менторлору Жийде Зоотбекова менен Мадина Самакбаева насаатчылык жагынан өздөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын бөлүштү. Эске сала кетсек, «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасынын биринчи этабында 96 ментор тандап алынды жана окутулду, алар азыр жигердүү иш жүргүзүп жатат. Насаатчылар долбоордун катышуучулары менен жолугушууларды дайыма өткөрүп турат, шакирттин натыйжасыз жана стереотиптүү жүрүш-турушу жагынан иш жүргүзөт, коомдо баарлашуу жана жүрүш-туруш маданиятын өнүктүрөт.

Ментордук программанын экинчи этабына ошондой эле бизнес-ассоциацялардан жана STEM кесиптеринен тартылган Кыргызстандын төмөнкүдөй ийгиликтүү жана прогрессивдүү айымдары тандап алынды:

1.            Элмира Ногойбаева – “Полис Азия” талдоо борбору, “Эсимде” долбоорунун жетекчиси

2.            Жамаева Айнура – Раззаков атындагы КМТУнун консервалоо технологиясы кафедрасынын улук окутуучусу

3.            Абылаева Ажара – Раззаков атындагы КМТУнун чет тилдер кафедрасынын улук окутуучусу

4.            Чындыбаева Айнура – Раззаков атындагы КМТУ

5.            Усубалиева Айгуль – “Манас” КТУ

6.            Салиева Калипа – “Манас” КТУ

7.            Хэнд Эрсон Александра – “Юные химики” Фарадей Клубу

8.            Керимкулова Толгонай – “Baira” ЖЧКнын башкы директору, дизайнер

9.            Мээрим Табалдиева – Ресторатор

10.       Джурупова Бермет

11.       Эркайым Турусбекова – санариптик кесиптер мектебинин жетекчиси

12.       Комкова М.А – «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы

13.       Буренко Л.А – «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы

14.       Бычкова В.В. – «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы

15.       Штанько С.Н. – «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы

16.       Айсулуу Өмүрбаева – эксперт-талдоочу

17.       Турдубаева Гузель – Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы

18.       Чилмергенова Ф. – “Светофор” дүкөнүнүн интернет-маркетологу

Ар бир менторго Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептериндеги 7-10-класстардын СТЕМ адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан окуучу кыздарынын тобу бекитип берилет. Программанын максаты насаатчылык: кыздарды SТЕМ-билим берүүгө тартууга жана патриоттук тарбиялоого багытталган натыйжалуу билим берүү системасын түзүү.


«Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында (2021-2022-жж.) бардыгы болуп 200 ментор жана Бишкек шаарынын, Чүй областындагы Аламүдүн, Сокулук райондорунун, ошондой эле Ош шаарынын жана Ош областынын Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринен 2600 кыз тандап алынат. 2021-жылдын мартынан тартып бизнес-ассоциациялардан жана STEM кесиптеринин өкүлү болгон айымдардын ичинен 100 ментору бар ментордук курстардын биринчи этабы башталды. Ар бир менторго Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептериндеги 7-10-класстардын СТЕМ адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан окуучу кыздарынын тобу бекитип берилет.