«Санарип 50+» долбоору өз ишин кайрадан баштады!

March 24, 2021, 10:38

Биз «Санарип 50+»  долбоору өз ишин кайрадан баштаганын кубануу менен билдиребиз.  Ушул жылдын 9 – 12 март күндөрү “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдун улуттук борборунда тренингдердин биринчи сериясы болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектептеринин жана балдар чыгармачылыгы борборлорунун  музыка мугалимдери, кадрлар бөлүмүнүн адистери  катышты. 


Маалыматтык технологиялар дооруна кирип келген биздин жашообузда маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар (МКТ) маанилүү ролду ойнойт. Бүгүн тездик менен өзгөрүп жаткан замандан артта калбаш үчүн,  өз ишинде колдонуп, жемиштүү иштеши үчүн  адамдар  жаңы технологияларды пайдалануунун  көндүмдөрүн үйрөнүп,  билим алуусу керек. 


Бирок адамдардын баары эле  мындай билимдерди алууга мүмкүнчүлүгү жана ресурстары жок. Кыргызстанда  жаштардын мууну  окууда, ишинде жана өз ара карым -катышта  интернетти жана  мобилдик технологияларды  ийгиликтүү колдонуп келатышат. Ал эми адамдарды белгилүү бир тобу  МКТ жана мобилдик технологиялар тармагындагы  билимге муктаж бойдон калууда.  Алардын көпчүлүгү 50 жаштан ашкан курактагылар (50+).


Тренингдер КИКБ банкынын  окуу борборунун базасында,  Раззаков көчөсү 32 дарегинде өтөт.  0555151851(Данияр) телефону аркылуу жазылсаңыздар болот .



Тактама: Долбоор  “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду  тарабынан  Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырылып жатат.  Долбоордун максаты-  жашы улуу курактагы муунду смартфон менен иштөөгө, интернеттин дүйнөлүк торчосун өздөштүрүүнү, социалдык торчодогу жана мессенжердеги баарлашууну,  ошондой эле электрондук капчык аркылуу эсеп-кысапты жүргүзүү үчүн мобилдик телефонду пайдалнууга  жана  күн сайын  алмашкыс мобилдик тирекмелерди пайдалнууну  үйрөтүү.