Германиядагы ишкер айымдын Кыргызстанга кошкон салымы
February 24, 2021, 14:27“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында журналисттер арасында жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Касиет Кубанычбек кызы материалы.
Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Гүлайым Токтосунова Эбенхох эки баланын энеси. 12 жылдан бери Германияда жашап келе жаткан каарманыбыз учурда жеке бизнеси менен алек. Мындан тышкары, ал Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук кылып келет.