Германиядагы ишкер айымдын Кыргызстанга кошкон салымы

February 24, 2021, 14:27

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Касиет Кубанычбек кызы материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 


Гүлайым Токтосунова Эбенхох эки баланын энеси. 12 жылдан бери Германияда жашап келе жаткан каарманыбыз учурда жеке бизнеси менен алек. Мындан тышкары, ал Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук кылып келет.

Гүлайым Токтосунова Эбенхох 12 жылдан бери Германияда жашап келет. Бул убакыттан тарта ал тамак-аш тармагында ишкерлик менен алек. Буга чейин Кореянын Сеул, Оруссиянын Москва шаарларында эмгектенген. Жолдошум немис улутунан, бир уул, бир кызыбыз бар дейт каарманыбыз.

“Мен Германияда жеке ишкермин. 2012-жылдан бери тамак-аш тармагында ишкерлик кылып келем. Менин ишкерлигим буюртма берген жерден жасап берүү (кейтеринг) , жеткирип берүү кызматын аткарат. Ошондой эле кыргыз ашканасы боюнча мастер класс өткөрөм. Максатым биздин улуттук тамак-аштардын ар түрдүүлүгүн Германия элине жеткирүү. Себеби, мен эки элдин ортосунда көпүрө болуп жаткандыктан, туулуп өскөн жеримдеги тамак-аштарды да көрсөтүп, тааныштырам. Мындан тышкары, 3 жылдан бери туристикалык компаниямды иштетип жатам. Ал “Via Kirgizia” деп аталат. Бул ишкерлигим Кыргызстанга туристтерди тартууга багытталган.”

Гүлайым Токтосунова Эбенхох

жеке ишкер

Ишкерликтен тышкары Гүлайым айым Кыргызстанга байма-бай кайрымдуулук иштерин кылып келет. Анын жардам колу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга багытталат.

“2011-жылдан бери ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук кылып келем. Германияда “үмүт” деген кайрымдуулук уюмубуз бар. Ушул уюмдун артында акча каражатын чогултуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берип келебиз. Кайрымдуулук кылууга өзүмдүн жан-дүйнөм түрткүлөдү.”

Чет өлкөгө кетип жаткан кыргыздардын басымдуу бөлүгү өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан жер которууга аргасыз болот. Ал эми айрымдары билим алууга, карьерасын өнүктүрүүгө багыт алат. Каарманыбыз Гүлайым башка өлкөлөрдүн элин, жерин, жашоо-турмушун көрсөм деген ой- кыялы болгонун баса белгилейт.

“Мен үчүн чет мамлекетте орун табуу абдан деле оор болгон жок деп айтсам туур болот. Чет өлкөгө келүүдөн мурун, мен алгач өзүмдү даярдагам. “Башка өлкөдө, башка маданиятта жашап кете аламбы? Алардын жашоо адатына, үрп адатына көнө аламбы?” -деген суроолорду адам өзүнө берип, өзүн даярдашы керек. Албетте, оорчулук болбой койбойт. Көчүп келген өлкөнүн аба-ырайы, тамак-ашынан тарта маданий баалуулуктарына чейин ар кандай айырмачылыктар бар. Ошол өзгөрүүлөргө туруштук берүү, жеңүү адамдын өзүнөн көз-каранды. Мен да убагында ар кандай оорчулуктарды жеңүүгө аракет кылгам.”

Гүлайым Токтосунова Эбенхох Германияда кыргыздын улуттук тамак-аштары боюнча мастер класстарды өткөрөт

Ишкерликтен тышкары каарманыбыз Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук кылып келет.

Германияда жашаган көпчүлүк кыргыздардын жашоо шарты жакшы. 

Германияда жашап эмгектенген кыргыздардын жашоосу тууралуу Гүлайым айым жакшы пикирлерди билдирди. Жаштар билим алуу үчүн ар түрдүү гранттык программалар менен келип жатса, отурукташып калгандар ынтыкмактуу дейт.


“Германияда миграцияда жүргөн кыргыздардын жашоолору абдан жакшы деп айта алам. Бул жакта көпчүлүк мигранттардын жаш курагы 20 жаштан жогору. Себеби, 20 жаштагы кыздар, балдар окуу боюнча ар түрдүү программалар менен келип жатышат. DAAD программасынын стипендианты болуп келгендери бар.  Ошондой эле, Au-pair программасы менен көпчүлүк учурда кыздар келет. Алар бир жыл бала багышып, немис тилин үйрөнүшөт. Мен билгенден Германияга келгендердин көпчүлүгү кыздар. Турмуш куруп жаткан кыргыз үй бүлөлөр абдан көп. Алардын жашоолору дагы жакшы. Германиянын Бавария жергесиндеги кыргыздар жыл сайын 1-2 жолу жолугуп турабыз. Өзгөчө нооруз майрамын жакшы белгилейбиз. Кыргызстандагы белгилүү ырчыларды да чакырабыз. Бул жагынан Германиядагы кыргыздар абдан ынтымактуу. Биздин элибиз сабырдуулугу, чыдамкайлыгы, аракетчилдиги менен айырмаланып, дайым иш үстүндө жүрүшөт.

Гүлайым Токтосунова Эбенхох:  Жаш өткөн сайын туулуп өскөн жер жөнүндө көп ойлонуп, сагынуу сезими пайда болот экен.



Ар бир эле чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык кайсы бир күнү ата-мекенине кайтып келүү жөнүндө ойлонбой койбойт. “Германиядан Кыргызстанга көчүп келүү оюңузда барбы?”-деген суроо менен Гүлайым Токтосунова Эбенхохго кайрылганыбызда төмөндөгүчө жооп алдык.


“Кыргызстанга биротоло көчүп баруу тууралуу кээде ойлонуп калам. Жаш өткөн сайын туулуп-өскөн жер жөнүндө көп ойлонуп, сагынуу сезими пайда болот экен. Негизи бир жылда эки-үч жолу барып келем. Бирок, былтыр пандемияга байланыштуу бир гана жолу барып калдым. Биротоло көчүп баруу ой тилегибиз балким, пенсияга чыгып, балдарыбыз окуусун бүткөн соң орундалаттыр...”