Мигрант айымдын мекенге кошкон салымы
February 12, 2021, 14:20Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында журналисттер арасында жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Касиет Кубанычбек кызы материалы.
Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Айзада Станбек кызы Кореяда жашап, иштеп жатканына жети жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгында ал чет өлкөдө кубанычтуу да, кайгылуу да күндөр башынан өткөргөн. Өзүбүз алыста болсок дагы, өлкөбүзгө салым кошсок деген айым Кореядагы мигранттардын Кыргызстанга кошкон салымы тууралуу кеп кылды.
— Саламатсызбы, Айзада. Алгач,өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.
— Мен Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Шамшы айылында туулуп өскөм. Корея өлкөсүндө иштеп жашап жатканыма жети жылдын жүзү болуп калды. Бүгүнкү күнгө чейин Кореяда метро чыгарган заводдордун биринде эмгектенем. Эл катары эле кара жумушта иштейм. Жумушубузда вагондорду боеп иштейбиз. Мигрант катары башыман көптөгөн кыйынчылыктар өттү. Эң биринчи тилди билбегеним себеп болду. Жашап жаткан өлкөнүн тилин билбесең, ар кандай кыйынчылыктар адам баласыны башынан өтпөй койбойт экен. Тилди түшүнбөйт деп, алдап кеткен да адамдар болду. Иштеп тапкан айлык акыларымды тил билбегендиктен алдаткан учурларым болду.
— Тил билбесеңиз кандай жумуштарда иштеп жаттыңыз?
— Көптөгөн талаа иштеринде, өндүрүш иш каналарда иштедим. Тоок багуу фирмасында, күнүмдүк тамактануучу ашканаларда идиш жууп иштеген дагы күндөрүм болду. Негизи мигранттар башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрөт. Кайратмандык менен ошолорго туруштук берген мекендештерибиз көп. Андай кыйынчылык күндөрдө өз мекенин, элиң, ата-энең көздөн учат. Аларга болгон сагыныч күч алат. Бирок, турмуш тиричиликти эстегенде эрктүү болуп, улам жаңы бийиктиктерди багынтууга аракет кылабыз.
Кореяда эмгектенген мигранттар Кыргызстанда кайрымдуулук иштерин кылып келишет
— Биз сиздин Кыргызстанда жүргүзгөн кайрымдуулук иштериңиз тууралуу уктук. Өзүңүз миграцияда жүрсөңүз, кайрымдуулук кылууга кандайча белсенип калдыңыз?
— Ооба. Мен, Түштүк Кореядагы «Аманат «фондунун өкүлүмүн. Фонддун курамында мекени үчүн күйгөн, алыста жүрүп элим жерим деген миграциядагы мекендештер бар. “Аманат” кайрымдуулук фонду 2013-жылы сентябрь айында миграциядагы мекендештер тарабынан түзүлгөн. Максатыбыз мекенибиздеги карылар, балдар үйлөрүнө, кароосуз калган ата-энелерге, ата-энесинен эрте ажыраган балдарга, жалгыз бой балдары менен жашаган эже-сиңди, ага-инилерге, ооруп жаткан бир туугандарга материалдык жана моралдык жактан колдоо көргөзүү. Бүгүнкү күнгө чейин, ар бир облустагы балдар, карылар үйлөрүнө каражат, азык-түлүк, кийим-кече жагынан жардам көрсөтүлдү. Ай сайын, ар бир облустагы муктаж болгон жыйырмага чукул үй бүлөгө азык-түлүк таратып беребиз. Ошондой эле, ар кандай оору сыркоого кабылган (боор, бөйрөк, рак ж.б) оору менен ооруган көптөгөн мекендештерге жардам көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, Кореяда иштеп жүрүп, ооруп калган мекендештер, кырсыкка учурап каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жиберүүгө жардам көрсөтүлдү. Каза болгон мекендешибиздин артында калган үй бүлөсүнө ,бала чакасына 3 бөлмөлүү батир алынып берилди. Буту баспай, майып болгон бир эжеге жер сатылып берилди… Карантинде карапайым элге колдоо көргөзүлүп, азык-түлүк таратылды…Фонддун алдыга койгон максаттары көп. Дагы да болсо мигрант катары өз салымыбызды өлкөбүзгө кошо беребиз.
— Чет өлкөгө кеткен кыргыздар адатта, кыйынчылыкты жеңүү, бир чоң жеңишти багындыруу үчүн жолго аттангандай… Сиздин өз тажрыйбаңызга токтолсок, чет өлкөдө орун табуу оор болгон жокпу?
— Чет өлкөдө орун табуу мага эле эмес, бардык эле мигранттарга анын ичинде кыргыздарга оор эле болот. Бирок, биздин элибиз иштермандыгы, өжөрлүгү менен көп тоскоолдуктарды жеңип келет. Аны менен гана токтоп калбай, өз ишин ачкан, өлкөбүзгө салым кошкон жердештерибиздин жеңиштерди дагы да дем берет. Чет жерден алган тажрыйбаларды пайдаланып, мекенибизге кайтып келип өз ишкерлигин ачкандар көбөйүп жатат. Буйруса, алдыңкы жылдары чет өлкөдөгү мигранттар өлкөнү утурумдук кыйынчылыктан сууруп чыгарууга өбөлгө болот деген ишеничтемин.
— Кореяда миграцияда жүргөн кыргыздардын жашоосу тууралуу өз оозуңуздан уксак. Көпчүлүк мигранттардын жаш курагы жана алар кандай кызматтарда эмгектенишет?
— Кореяда миграцияда жүргөн кыргыздардын жашоосу тууралуу айтсам, тил билбесе кыйын эле. Мигранттар көпчүлүк учурда кара жумуштарда эмгектенет. Жумуштар да оор. Биринчи баргандар гана азыр өз ордуларын таап, жакшы жумуштарга кирбесе, жаңы баргандар кыйналат. Тамак-ашы, климатына деле көнүп кетүү оңой эмес. Кыргызстандан барган мигранттардын көпчүлүгү 20 жаштан 60 жашка чейинкилер десем туура болот. Басымдуу бөлүгү дыйканчылыкта, завод фабрикаларда, кафелерде эмгектенишет.
— Кыргызстандан миграцияга кетип жаткандарга кандай кеңеш бересиз?
— Эң биринчи кезекте бара жаткан өлкөсүнүн тилин билип алганы абдан жакшы. Ошондой эле, миграция боюнча окуп- билип, укуктары менен милдеттерин, ошол өлкөнүн каада-салтын аз да болсо билип алганы өзүнө эле жеңилдик болот. Ошондой эле дос-тууганы же кыргызстандык мигранттардын сураштырып барганы жакшы болот.
— Жакынкы жылдары Кыргызстанга кайтып келүү максатыңыз барбы?
— Келечекке карай пландарым абдан көп. Миграциядан алган тажрыйбамды өз өлкөмө келип колдонсом деген ой мүдөөм бар. Чындыгында, мен чет жерде жүрүп топтоп жаткан тажрыйбам Кыргызстанда жокко эсе. Ошолорду кайсы бир күнү мекениме кайтып келип, ишке ашырам деген ойдомун. Ошондой эле, балдар үйлөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйлөрүнө медициналык жактан жардам бергим келет. Андан тышкары, айыл жерлеринде медициналык пункттар, дарыканалар жок аймактар бар. Элдин саламаттыгы үчүн салым кошуп иштесем деген оюм бар. Негизинен пландар абдан көп. Бирок, жалгыз адамдын колунан бардык эле иш келе бербейт экен. Миграциядан кайтып келип бир иш ачайын деген мекендештерге өкмөттөн жардам болсо жакшы болмок. Бут тосуулар болуп, акча гана талап кылбай, миграциядагы мекендештер үчүн жеңилдиктерди иштеп чыгышса жакшы болот эле.