Гулүмкандын кыялы

March 1, 2021, 13:59

“Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдыруу максатында  журналисттер арасында  жарыялаган жалпы республикалык Сынакка катышкан Бегим Турдалиева материалы.


Сынак БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосу менен  Миграция боюнча эл аралык уюм, БУУ-Аялдар түзүмү жана Эл аралык эмгек уюму  менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 


Улуттук банктын маалыматы боюнча өткөн жылы Россиядан Кыргызстанга 2,3 млрд доллар акча каражаты которулган. Мигранттардын экономикабызга 1 жылдык салымы мына ушундай. Бул сумманын ичинде кечээги мигрант, а бүгүнкү күндө тигүү өндүрүшүндө иштеп, Россиядан акча каражатын тартып жаткандар да бар. Гүлүмкан Исманова мына ошолордун бири.

Экиден чоң чаар сумканы сүйрөп... 

2005-жылы бир жолдош кызым менен Оштон Екатеринбургга сапар тарттык. 6 жашар кызымды жолдошума таштап кете бердим. Көтөргөнүбүз экиден төрт бир метрлик чаар сумкалар. Өзбекстандан чыккан халат, эркектердин ич кийимдерин шыкап салып алдык. Эки жарым сутка жол жүрүп, поездде ал жакта иштеп жаткандар менен таанышып калдык. Алар иштегенге жардам беребиз дешти. Эч бир таанышыбыз жок, барсаңар кыргыздар жардам берет десе эле кете бергенбиз. Ал кезде адамдар башкача эле.

Алдамай деген болгон эмес, жардам берүү деген болгон. Бири-бирине жардам берип, кеңешин аячу эмес. Ошентип, жаңы тааныштарыбыздын үйүндө 3 күн жаттык. Анан өзүбүз квартира таап кеттик.
2 жыл иштеп үй алдык Товарыбыз түгөнгөндө бирөөлөргө кошулуп, Казакстандан товар ташый баштадык.

Товарыбызды алдырып койгон күндөр болду. Аны алдырбоо үчүн ар кандай амалдарды жасадык. Поезд айдаган машинист менен келишип, баланча станциядан акырын айдап бер деп сүйлөшүп алабыз. Бизге керек жерге келгенде бир топко чейин ылдамдыгын өтө жайлатып, товарларды түшүрүп калганга мүмкүнчүлүк берет. Тиешелүү жерге жеткенде поезддин бүт эшиктеринен коробкалар тапыратып ыргытылат. Анан өзүбүз эшиктерден акырындан секирип түшүп кала беребиз. Бардыгы ушинтишет. Коробкаларды күтүп жаткан адамдар чогултуп, газелдерге жүктөп чыгып кетебиз. Кээде жүктөп кетип калаарда бажычылар келип калат да газелди айдатып кетишет. Товарды алдырган учурда
андан түңүлөсүң, аны чыгарып алыш мүмкүн эмес. Поезд менен эки жарым сутка жол жүрүп товар ташыйм, сатып эле кайра товарга кетем. 2 жыл иштеп Оштон үй алдык. Анан күйөөмдү алып кеттим. Ушинтип иштеп жүрүп Свердловскиден да 2 бөлмөлүү үй алдык.

Тигүүнүн түмөн түйшүгү

Бирде Россияда, бирде бул жакта жүрүп дагы уулдуу жана кыздуу болдук. Уулум ошол жакта төрөлдү. Анан балдар чоңойгондо бул жакка келишке туура келди. Келгенибиз менен эмне кылышты билбей калдык. Бир аз убакыттан кийин көнгөн ишибиз деп кайра соодага өттүк. Азыр өзүбүз кийим тигип сатып жатабыз. Россияга заказ боюнча дүңүнөн товар жөнөтөм. Интернеттен, Түркия товарларынан моделдерди таап, анан өзүбүздүн өзгөртүүлөрүбүздү киргизип иштеп чыгабыз. Россиялыктар жалтырак-жултурактарды, ашыкча саркеч кийимдерди анча жактыра беришпейт, жөнөкөй классикалык моделдерди сурашат. Тандаган моделдин ашык жерин алып же кошуп жаңы модель иштеп чыккандан
кийин лекалосун чыгарганга берем. Бирөөнү үлгү катары тиктирип, цехтерге заказ кылам. Анан түстөрүн тандап, тиктирип, кыздарга кийгизип видео, фотолорун жасап кардарларга көрсөтөбүз.

Жумушубуз оор, кечке тыным жок, кездеме издеп, жип-шуу, сыдырма, топчу жана башкаларды издейсиң. Моделин иштеп чыгуу эле көп убакытты алат. Башың ооруп чыгат. Үйгө барып деле бул жерин минтип өзгөртүп койсо эмне болот деп ойлоно бересиң. Кытайдан даяр товарды заказ кылып саткандар да көп. Биздики өзүбүздүн өндүрүш десек болот. Эгерде товарыңды башкаларга окшош чыгарып алсаң кардарлар бул модель тигил жакта мынча экен деп баасын айтып коёт, мындай учурда баасын түшүрбөшкө арга жок.

Кептин баары кездемеде

Товарларыбыздын өтүмү жаман эмес. Анткени алдын-ала моделин иштеп чыгып кардарларга көрсөтүп, анан цехтерге заказ кылабыз. Биз арзаныраак кездемелерден тигебиз. Сапаттуу кымбат кездемеден тиксек, баасы да кымбат болуп кардарларыбыз албай коюшат. Бирок, азыр Түркиядан спорттук кийимдерге ылайыктуу жакшы кездемелер келе баштады. Алардан тигилген биздин кийимдер Түркиянын жана Кытайдын көмүскө цехтеринде тигилген кийимдерден эч айырмаланбайт, атүгүл мыкты десек болот.

Пандемияга байланыштуу чоң цехтердин иши солгундады. 100-200 адам иштеген тигүү цехтери саналуу эле калды. Көбүнесе 20-30 же 5-6 адам иштеген цехтер иштеп жатат.  Сапатын мыкты кылып тиккен тигүүчүлөр деле бар, бирок аларга акысын 2 эсе көп төлөшкө туура келет. Ага жараша товардын баасы өсүп, сатылышы кыйын болуп калат. 

Жөнөтүүчү – кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрү

Пандемия бизге да терс таасирин тийгизди. Азыр онлайн менен заказ алып, онлайн соода кылып калдык. Интернеттин пайдасы тийип жатат. Бул бир жагынан жакшы, бирок бизге кардарлардын өздөрү келгени жакшы эле. Алар бүт кыдырып издешет. Биздин жөнөтүүчүлөр кээде эринип товардын сүрөттөрүн жакшы тартпай же бир эле көнгөн жерине барып заказ кыла беришет. Шартка байланыштуу азыр “жөнөтүүчү” (отправщик) деген кызмат көрсөтүү пайда болду. Алар кардарлар менен иштеп, бизге
заказ кылышат. Товарды жөнөтүүдө ар бир даанасына 20 сомдон кем эмес акы төлөнөт. Керектөөчүлөр капризный болуп калды. Мурун 3-4 товар менен эле эч өзгөртпөй сата берчүбүз, азыр улам өзгөртүүгө туура келет. Ошентип модель издеп чарчайсың, базар, дүкөндөрдү кыдырасын, сатылып жаткан товарларды көрөсүң, инстаграммды чукулайсың. Кечке көчөлөп жүрүп чарчайбыз, цехтен телефон чалып жибиң түгөнүп калды десе, отурган жериңден тура калып чуркап кетесиң. 

Кыялдар жетелейт

“Жапайы” соодадан кетип ишкана ачып, эксклюзивдүү моделдерди чыгарып сатсам деген кыялым жок эмес. Азыр Россия товарларга штрих ход талап кыла баштады. Бул биз үчүн татаал маселе. Мында мамлекеттин кийлигишүүсү керек деп ойлойм. Бажы биримдигине киргенибиз менен товар алып барууда эч кандай деле жеңилдик болгон жок. Миграциялык карталарды бергенге, текшерүүлөрдү азайтканга жана ушул сыяктуу учурларда жеңилдик болду.

Өзүм соодада көптөн бери иштеп тажрыйба алдым. Кызым учурда дизайнер адистиги боюнча, уулум экономикалык адистикте ЖОЖдо окуп жатышат. Улуу кызым үй-бүлөсү менен Свердловск шаарында жашайт. Учурда балдары жаш болгондуктан үйдө отурат. Свердловскиде соода борборунда жеке ордубуз бар. Ижарага бергенбиз. Бул жакта да өзүбүздүн товарларды сата турган дүкөн ачып, иштесек деген ойдо жүрөм. Бул кыялдарды ишке ашырыш оңой эмес экенин түшүнөм. Ошентсе да “генералдыкты эңсебеген солдат, солдат эмес” дейт эмеспи...

Азыр кудайга шүгүр эле, сезон учурунда 1 жумада 3-5 миң даанага чейин кийим тигип, бир айда 20 миң болбосо да, 15 миң даана товар сатып жатабыз. Ар кийимден өзүбүзгө 100 сомдон 200 сомго чейин пайда калат.

Бөлүшкөндү теңирим сүйүптүр

Мусулманчылыкта тапкан кирешеңди бир бөлүгүн садакага бер делет эмеспи. Биринчи туугандарыңдан башта дегендей жыл аягында муктаж туугандарымдын баарына кайрымдуулук эмес, жөн эле чай ичип койгула деп акчалай жардам бергенге аракеттенем. 

Өзүм көрүп билген, турмушта кыйналып жаткан курбуларыма да бөлүшөм. Бир канча жылдан бери жыл аягында тапкан пайдамдын бир бөлүгүн чыгымчылык кылууну салтка айландырдым. Күйөөм молдо болгондуктан мурда ал бөлүп берчү. Азыр өзүм бөлүштүрүп берем.

Өзгөрүүлөрдүн өзөгү кайда?

Адамдар өзгөрдү. Акча үчүн бир тууган менен бир тууган урушуп бет карашпай калган учурлар бар. Кетсе өз бир тууганыма кетиптир да, мейли деп койсо да болот го деп ойлойсуң. Тышкы таасирлер менен балдардын кулк-мүнөзү өзгөрдү. Илгери бизде массалык түрдө сыртка эч ким кетчү эмес. Сыртта иштеп келип бул жакка көнбөй кайра кетип калгандар көп. Курбу кызымдын кызы карантин учурунда Дубайдан келген. Эми кайра кетем деп чатак чыгарып жатат. Туура жашоо ошол жакта деп башка элдин жашоосуна кызыккандар да көп. Эми биз аларды өзгөртө албайбыз го... Азыр биз деле
карылыкты танып, 50 жаш - жаш курак деп калбадыкпы. Бирок адам эмес табият деле өзгөрүп жатпайбы. Илгери Свердловскиде сентябрда тизеден кар болчу, азыр андай кар жок.

Акчаны табасың, а ден соолук сатылбайт...

Кээде миграцияда жүрүп эмне таптым да, эмне жоготтум деп ойлоном. Биздин жаш убакта ооруйм дегенди билчү эмеспиз. Азыркылар оор көтөрбөйм, белим ооруйт деп турушат. Оор шартта иштеп, жүк көтөрүп жүрүп ден соолукту кыйнап койдук. Акчаны тапкан менен ден соолукту сатып ала албайт экенсиң. Азыр жыл сайын кышкысын Көлдүн курорттук мекемелеринде эс алып, дарыланып турам. Кышкысын биздин соода да басаңдап калат эмеспи.

Тирилик деп жолдошум экөөбүз бирде мен ал жакта, ал бул жакта жашап жүрүп, акыры өз жолдорубуз менен кеттик. Миграциянын таасири болуп калды окшойт. Бирок башка жерде иштеп келгениме өкүнбөйм. Туугандарымдын балдарын да эрчитип кетип, ал жакта иштеп кетишине жардамым тийди. Орустардын жеринде жашап, иштеп келдим. Алар түз сүйлөгөн ачык эл. Бирок, жүрөккө так калтырган улутчулдары да жок эмес... Бишкекте, Ошто, Свердловскиде 4 үйүм, 2 соода ордум бар. Өзүм машина айдайм. 

Бай эмесмин, кедей да эмесмин, жашоомо каражатым жетет. Балдарыма үй-жай, алгачкы турмуштук капитал болсун деп жүрүп шүгүрчүлүк, ага да жетиштик. Бойго жеткен кезимде мамлекеттик мекемеде иштейм деп ойлочумун. Мектепти бүткөндөн кийин Мединститутка 2 жыл катарынан тапшырып өтө алган жокмун. Ош мамлекеттик пединститунун биологиялык факультетин сырттан окуп бүттүм. Ош телесинде, кийин облустук Агропромдо иштедим. Анан мигрант болуп кеттим.