Бишкекте «Айымдар лидерлиги – жаңы доорго өтүү» форуму болуп өттү

March 11, 2021, 09:24

2021-жылдын 10-мартында Бишкекте Мамлекеттик резиденцияда «Айымдар лидерлиги – жаңы доорго өтүү» форуму болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, БУУнун Башкы катчысынын алдындагы Ортомчулук боюнча жогорку деңгээлдеги Консультациялык кеңештин мүчөсү Роза Отунбаева, КР Президентинин Администрациясынын социалдык өнүгүүнүн мониторинги бөлүмүнүн башчысы Усубалиев Максат, БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын туруктуу координатору Ожиело Озонния жана Өкмөттүн, эл аралык уюмдардын, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, активисттер, маданияттын жана бизнес жамааттын өкүлдөрү катышты.

 

Иш-чаранын максаты – айымдар лидерлигинин көрүнүшүнүн бүткүл көп түрдүүлүгүнүн жана жаңы көйгөйлөрдүн шартында Кыргызстандын өнүгүшүнө аялдардын олуттуу салымын көрсөтүү.


Өзүнүн саламдашуу сөзүндө экс-Президент Роза Отунбаева мындай деп айтты: «Бул өлкөдө аялдардын укуктары үчүн күрөшүп жүрүп көптөгөн аялдардын жана эркектердин көзү өтүп кетти жана бүгүнкү күндө Кыргызстандын айымдары сыймыктануу менен башыбызды өйдө көтөрүп, аялдардын көйгөйлөрү жана лидерлиги жөнүндө айтып жатабыз, башыбызды чүмкөбөй жүрөбүз. Кыргызстандын кыздары Айсулуу Тыныбековадай болууга тийиш – биз күжүрмөн болууга жана жеңиш үстүндө жүрүүгө тийишпиз».

 

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттериндеги аялдардын өкүлчүлүгү жөнүндө кеп кылып, Роза Искаовна буларды белгиледи: «2021-жылдын 1-январындагы таблица. Көрсө, Өзбекстанда парламентте аялдардын өкүлчүлүгү 30%ды түзөт экен, Казакстанда – 27%, Түркмөнстанда – 25%, Тажикстанда – 24%, ал эми бизде Кыргызстанда – 17%. Биз 17%дан жылбай отурабыз, бирок жакшыга үмүттөнгүбүз келет жана үмүттөнүп гана тим болбостон, биз ар бир парламенттик орун үчүн күрөшөбүз».


Ошондой эле Роза Исаковна биздин өлкөнүн өнүгүшүнүн артыкчылыктарын саламаттыкты сактоону жана билим берүүнү өнүктүрүүдөн көрө тургандыгын белгиледи.


«Биз үчүн бүгүнкү күндө врачтарды, мугалимдерди колдоо, өлкөнү алдыга алып чыгуу үчүн бул тармактарда өзөктүү сегменттерди табуу өтө маанилүү. Биз пандемиянын учурунда бизди балекет тумоодон алып чыккан жана алып чыгууну улантып жаткан врачтарга, студент-медиктерге, бардык медициналык кызматкерлерге ыракмат айтууга тийишпиз. Биз муну айымдар кандай жасаганын көрдүк», - деп айтты Роза Отунбаева.


Бул Форум алда канча тең укуктуу келечекти калыптандыруу жана COVID-19 пандемиясынан чыгуу ишинде бүткүл Кыргызстан боюнча аялдардын жана кыздардын кыйла күч-аракеттерин белгилөөгө кайталангыс мүмкүнчүлүк берди. Форум ошондой эле ар башка муундардын лидерлеринин байланышы, саясий процесстерге жана жергиликтүү кеңештерге алдыдагы шайлоого аялдардын катышуусунун маанилүүлүгү жөнүндө диалог үчүн аянтча болуп калды.

 

БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын туруктуу координатору Озонниа Ожиело пандемия учурунда Кыргызстанда аялдар алдыңкы катарда турду жана адамдардын өмүрүн сактоо үчүн көп нерселерди жасады, зор салым кошту деп белгиледи. Ошондой эле Озонниа Ожиело аялдардын лидерлиги ар бир өлкөгө өсүүнү жана өнүгүүнү алып келип жатканын фактылар көрсөтүп турат деп кошумчалады.

 

Форум Кыргызстандагы айымдар кыймылынын 95 жылдыгына, Аялдардын эл аралык күнүнө – 8-мартка арналган глобалдык кампанияга, Айымдардын абалы боюнча комиссиянын 65-сессиясына жана «Теңдештик мууну» глобалдык жаштар кампаниясына туш келтирилди.

 

Иш-чара он-лайн/офф-лайн аралаш режиминде өттү. Кыргызстандын бардык региондорунан келген лидер айымдар пандемияга каршы күрөшүү учурунда жана андан кийин чечимдерди кабыл алуунун ар кандай деңгээлдеринде өзүнүн лидерлик тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Бардыгы болуп төмөнкүдөй төрт панелдик дискуссия өткөрүлдү: муундардын ортосундагы өз ара байланыш; шайлоо жана аялдардын саясий катышуусу; COVID-19га каршы күрөштө алдыңкы катардагы айымдар жана лидерлик боюнча кеңештер.