Кымбаттуу айымдар, силерди Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайбыз!

March 6, 2021, 17:06

Кыш кеткиси келбей жатканына карабастан, жаз келди жана жаркыраган нурлары менен бирге бизге эң сонун майрамды – Аялдардын эл аралык күнүн тартуулап жатат!


Сегизинчи март –тарыхый жактан аялдардын тең укуктары үчүн күрөшүү күнү, айымдар бардык учурда ар кандай комдун руханий жактан өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн негизи болуп келген жана ошондой бойдон калууда.


Азыркы дүйнөдө айымдардын ролу тез өсүүдө: коомдун өнүгүшүнүн эң жооптуу багыттарында, экономиканын, илимдин жана мамлекеттик түзүлүштүн өтө маанилүү тармактарында аялдардын ушунчалык активдүүлүгүн тарых эч качан билген эмес.


Азыркы кыз-келиндер оорчулуктардан жана психологиялык жүктөн коркпойт, социалдык жактан активдүү, коммуникабелдүү, кесиптик жактан да, жекече да өсүүдө, мында жакындары жөнүндө камкордук көрүүгө, балдарды өстүрүүгө, үйдө тартипти жана мээримдүү жагдайды түзүүгө жетишүүдө.


Кымбаттуу айымдарыбыз, камкор энелерибиз, даанышман чоң энелерибиз, сүйүктүү жарларыбыз, камкор эжелерибиз силерди жан-дилибизден куттуктоолорубузду кабыл алып коюңуздар!


Силердин жүрөгүңөр дайыма жалындап турсун, силердин ар бир күнүңөр жакындарыңарга нур жана бакыт тартуулай берсин, силердин үйүңөрдө дайыма ден соолук болуп, жакшы үмүт-тилектериңер аткарыла берсин, эң башкысы – силердин сүйүүңөр дайыма шык берип турсун! Бул дүйнөгө ийгиликти жана сулуулукту алып келип, өзүңөрдүн ишиңерде жана бардык саамалыктарыңарда ийгиликтүү болгула!


Бактылуу болгула! Майрамыңар менен!


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу жана жамааты