Екатеринбургда “Миграция жүзү - аял жүзү. Мигрант аялдардын позитивдүү ролу” деген аталыштагы эл аралык конференция болуп өттү

March 6, 2021, 13:15

2021-жылдын 4-5-март күндөрү Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында    “Миграция жүзү - аял  жүзү. Мигрант аялдардын позитивдүү ролу” деген аталыштагы III Эл аралык конференция болуп өттү. 


Иш чарага Сочи, Москва, Уфа, Красноярск, Тюмень жана Сургут жана башка шаарлардын  диаспоралдык уюмдарынан  лидер аялдар , ошондой эле  РФ жана КР  мамлекеттик органдарынын  өкүлдөрү, КР  6 пилоттук айыл өкмөттөрүнөн  башчынын орун басарлары, өкүлдөр жана активисттер катышты.


Конференция Свердлов областтык кыргыз диаспорасынын   “Кыргызстан-Урал” коомдук уюму  тарабынан  Кыргыз Республикасынын  Екатеринбург шаарындагы Башкы Консулдугунун, Эл аралык Миграция Уюмунун (МОМ) жана “Этноконфессионалдык изилдөөлөр, экстремизмдин алдын алуу, терроризмдин идеологиясына каршы туруу Борбору” Урал биримдигинин  колдоосу менен уюштурулду.


Конференция  үч жылдан бери катар өтүп, ал мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана коомдук диаспоралдык уюмдардын  көп маселелер боюнча пикир алмашуусунун  натыйжалуу аянтчасына айланып калды.   Форумда  миграция чөйрөсүндөгү  актуалдуу маселелер каралып, талкууга алынып, мамлекеттик органдар, диаспоралдык уюмдар жана жалпы эле миграциялык процесстин катышуучулары  үчүн сунуштар жана рекомендациялар  иштелип чыгат.


Мигранттардын 53% кыз-келиндер болгон Кыргызстанда  миграциянын жүзү-аялдын жүзү болуп калды. Бул конференция  үй-бүлөсүнүн бакубаттуулугуна, өз Мекенинде, элинде тынчтыкты орнотууга  олуттуу салым кошуп жаткан  аялдардын позитивдүү ролун көтөрүүгө арналган.  Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын 31 диаспоралдык уюмдарын аялдар жетектейт. Алар өздөрү да иштеп, Кыргызстандын айылдарынын  социалдык инфраструктурасын жакшыртып жатышат. Аялдар миграцияда балдарынан, үй-бүлөсүнөн  алыста жүргөнүнө карабастан  өз элинин материалдык бакубаттулугу үчүн салым кошуп келишет.


Пилоттук долбоордун иш аракеттеринин аркасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак пилоттук  айыл өкмөтүнүн жашоочулары  мигрант аялдардын   айылды өнүктүрүүгө кошкон  салымын жана ролун позитивдүү кабыл ала баштады. Ошондой эле бул кыз-келиндердин ушул жылдын апрель айында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин активдүү коюусуна да таасирин тийгизди. Бул ойду конференциянын жүрүшүндө аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары  Сатыбалдиев М.М. өзүнүн сөзүндө белгилеп өттү.  


БУУнун  Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосунда Эл аралык миграция уюму, БУУ-Аялдар түзүмү, Эл аралык Эмгек уюму  менен биргеликте  “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жүзөгө ашырып жаткан “Коомдун тынчтыкта жана инклюзивдүү өнүгүүсүндө миграцияга тушуккан кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кенейтүү” долбоорунун алкагында жумушчу орундарын түзүүгө багытталган максаттуу жамаатардын активист аялдарынын 15 демилгеси колдоого алынды.  


Конференцияда  КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева куттуктоо сөзүн айтты.  Ал өзүнүн сөзүндө  мигрант аялдардын  Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кошуп жаткан салымын, ролун белгиледи. 


Эл аралык Конференциянын салттуу эстафетасы  “Мекеним Ала-Тоо” (Москва ш) уюмунун жетекчиси Ж.А. Бегиевага тапшырылды.