100 менторов проекта «Девочки в науке» обучились по программе наставничества и усовершенствовали свои знания и навыки по эффективному наставничеству
March 2, 2021, 07:51“Роза Отунбаеванын демилгеси”эл аралык коомдук фонду ишке
ашырып келген ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында насаатчылык
программасына тандалып алынган 100 устат 18-февралдан 27-февралга чейин
устатчылык көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча билим алышты.
Шыктандыруучу жолугушууларда устаттарга багыт берилип, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду
тарабынан иштелип чыккан “Устаттардын колдонмосу” таратылып, шакирттер менен иш
алып баруу тартиби тууралуу маалымат айтылды.
“Илимдеги кыздар” долбоорунун насаатчылары болуп
бизнес-ассоциациялардан жана STEM адистиктерде ийгиликке жетишкен прогрессивдүү
айымдар тандалган. Ментордук программада
Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй жана Кара-суу райондорунан пилоттук
мектептеринен 2600 окуучу кыз катышат. 5-6 айдын ичинде устаттар шакирттери
менен өз тажрыйбасы, билими, көндүмдөрү профессионалдык жана жашоо тажрыйбасы
менен бөлүшүшөт. Ментор STEM багыты тууралуу маалымат берип, келечек кесиптерди тандоого көмөктөшөт.
Семинардын биринчи күнүндө Билим берүү жана илим
министрлигинин өкүлү Абубакир Жураев, Бишкек шаарынын мэриясынын
шаардык билим берүү башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн
башчысы Анара Акмашаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору
Догдургуль Кендирбаева катышышты.
Догдургүл Кендирбаева “Илимеги кыздар” долбоорунун максатына
жетүүдө устаттардын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. «СТЕМ билим берүү
жагындагы менторлук – бул табигый-техникалык багыттагы тармактарда кыздарды
өнүктүрүү үчүн өбөлгө. Насаатчылык курсунан өткөн кыздар STEM’ди тандоо
артыкчылыгын түшүнүп жана STEM’ багытын тандап билимин улантууга тийиш», – деп
белгиледи Догдургуль Шаршеевна.
Билим берүү министрлигинин өкүлү Абубакар
Жураев «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна ыраазычылык
билдирди жана Фонд көптөгөн жылдар бою өлкөнүн билим берүү тармагын алга
илгерилетүү жана өнүктүрүү максатында иш жүргүзүп жатканын белгиледи. Ошондой
эле насаатчылык программасынын катышуучуларынын алдында Бишкек шаарынын
мэриясынын шаардык билим берүү башкармалыгынын талдоо
жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Анара Акмашаева сөз сүйлөдү.
Баардыгы болуп 6 күн бою 100 устат (Ош шаарынан 35
насаатчы жана Бишкектен 65 насаатчы) үчүн шыктандыруучу жолугушуу семинары
болуп өттү.
Окутуулар учурунда ЮНИСЕФтин программалык менеджери Нора
Суюналиева менторлорго “Илимдеги кыздар” долбоорунун максаты жана эмнеге STEM
тармагында кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгы тууралуу айтып берди.
STEM боюнча
долбоордун эксперти, КМТУ алдындагы Кыргыз-Герман институтунун директору,
техникалык илимдердин кандидаты, профессор Анипа Усупкожоева ментор жана
ментинин карым- катнашы тууралуу насаатчыларга маалымат берди.
Долбоордун гендер
боюнча эксперти Гулжамал Султаналиева “Устат
ишмердүүлүгүндө гендерлик өзгөчөлүктөрдү эске алуу” темасында презентация
жасады.
Ошондой эле семинардын
катышуучулары үчүн “Курак” аялдар форумунун негиздөөчүсү Айнура Сагынбаева,
Technovation Girls Kyrgyzstan расмий амбассадору ЕленаЧигибаева, Khan Academy
Kyrgyz расмий өкүлү Гулзира Минбаева,Easyscience.kg негиздөөчүсү Мадина
Самакбаева, Эл Групп Консалтинг негиздөөчүсү Жамиля Иманкулова, Тэкайым 2020 программасынын бүтүрүүчүсү Каныкей
Самиева, Ош технологиялык университетинин доценти Айнура
Хамзаева, “Chapan” студиясынын негиздөөчүсү Жумагүл Сариева,
Банктын бизнес аналитиги Жыргал Ботобаева насаатчылыктын ийгиликтүү
окуялары, Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү устаттардын орду тууралуу маалымат
менен бөлүштү.
Тең-теңи менен ыкмасы менен тренинг өткөрүү боюнча
курстарынан окуган «Илимдеги кыздар» долбоорунун катышуучулары окуучу кыздар Нурайым
Асанова, Бегайым Бакирдинова, Малика Маматкыязова
жана Анастасия Белова, Аэлита Осекова, Нагима Женишбек кызы «Кыз кыялы» тууралуу
айтып беришип, бул долбоор аларга кандай мүмкүнчүлүк бергени туурасында
бөлүшүштү.
Тренингдердин
жыйынтыгында менторлор долбоордун маанилүүлүгүн белгилешип, «Илимдеги кыздар»
долбоорунун командасына жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук
фондуна ыраазычылыгын билдиришти. Easyscience.kg Мадина Самакбаева устатчылык
келечек муундун туура кесип тандоосуна мыкты шарт түзүп берээрин белгиледи: «Биргелешкен
аракеттер менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн көтөрө алабыз деп ишенем. Мен
кыздардын алдыга койгон максаттарына ылайык иш планын түзүп колдоо көрсөтөйүн
деп жатам”-деди Мадина Самакбаева.
Менторлукка тандалган
“Архилаб” окуу борборунун директору Жылдыз Бекболотова кыздардын техникалык
илимдерге кызыгуусун арттыруу менен алардын жаркын келечеги үчүн салымын
кошоорун белгиледи:“Курулуш архитектура тармагы өнүгүп жатат, бул кесиптерде
көбүнчө эркек балдар иштешет, бирок бул тармактагы кесиптерде кыздар деле
окушса болот, аракеттенсе болот. Ошондуктан мектеп окуучуларына компьютер менен
чийүүнү үйрөтүү менен техникага кызыктыруу болот. Анан алар кызыктуу ачылыштар
жасай алышат”
«Супара» этно
комплексинин директору Жаңылсынзат Турганбаева насаатчы ролунда кыздарга бир
гана кесип тандоодо эмес, инсандык сапаттарды өнүктүрүүгө салымын кошоорун
белгиледи: “Кыздарга жашообузда кандай адамдар менен жолуктук, алардан кандай
тажрыйба алдык, ошол нерселер менен бөлүшкүм келди. Экинчиден мен өспүрүм
кыздардан да көп нерсени үйрөнгүм келет.”-деди Жаңылсынзат айым.
Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош
жана Чүй областтарынын мектептеринин STEM
адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып
жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилет.
Бардык иш-чараларды ишке ашыруунун
жыйынтыктары боюнча, бери болгондо насаатчылык курсунан өткөн үч миңге
жакын кыз STEM’ди тандоонун артыкчылыгын түшүнөт жана STEM тармагында билимин
улантат деп пландаштырылып жатат.