11-февраль – Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнү

February 11, 2021, 09:27

Соңку жылдары дүйнөлүк коомчулук илим жана технология чөйрөсүндө гендердик теңчилик маселелеринде кыйла ийгиликтерге жетишти. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2013-жылдын декабрында кабыл алынган «Өнүктүрүү максатында илим, техника жана инновациялар» деген резолюциясында илим, техника жана инновациялар чөйрөсүнө айымдардын толук жана бирдей жеткиликтүүлүгү таанылган, ал эми 2015-жылдын  декабрында кабыл алынган резолюция менен Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнү жарыяланган, ал жыл сайын 11-февралда белгиленет. БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн резолюциялары менен илимий-техникалык өнүгүүдөгү айымдардын өзгөчө маанилүү ролун тааныйт жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн жана эл аралык уюмдарды илимге жана илимий изилдөөлөргө аялдардын катышуусунун көйгөйүнө кошумча көңүл бурууга чакырат.


Кыздар – булар коомдун күзгүсү. Биз кыздардын коопсуз жашоосу үчүн, алар билим жана адистик алышы үчүн, алардын ден соолугун коргоо үчүн канчалык көп күч-аракеттерди жумшасак, келечекте биз ошончолук алда канча күчтүү айымдарга ээ болобуз. Ар кандай коомдо кыздардын маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Миграция, эрте никелер, зомбулук, мектептен ажыратуу – ушулардын бардыгы кыздардын өнүгүшүнө терс таасир этет. Ошондуктан «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ишинде илимге аялдардын жана кыздардын толук жана бирдей жеткиликтүүлүгүнө, ошондой эле гендердик теңчиликти камсыз кылууга жана аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. «Устат», «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорлору ишке ашырылды, жогорку класстардын окуучу кыздары жана мугалимдер үчүн STEM мектептер уюштурулду, «Илимдеги айымдар» китеби басып чыгарылды. 2020-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында АУЦАнын Инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө өз ишин баштады.


Бардык мыкты аялдарыбызды жана кыздарыбызды ушун эң сонун майрамы менен куттуктайбыз!


Айымдар ойлоп таап жана жаратып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат, өз кесибине терең берилгендикти, демейде айымдар басымдуулук кылган тармактарда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишүүдө талантын жана болуп көрбөгөндөй өжөрлүгүн өзүндө айкалыштырып, аялдар биздин дүйнөбүздү жаркын жана көрктүү кылып жатат!


Биз бардык илимпоз айымдарга, бардык кыздарга жана илимде өзүнүн алгачкы кадамдарын гана жасап же өзүнүн тандоосу жагынан ойлонуп жаткан кыздарга чыныгы илимдин түйшүктүү жолунда ийгиликтерди каалайбыз жана силер көп нерселерди жасай аласыңар деп ишенебиз!