“Secom” окутуу борборунун Ош шаарындагы педагогдору үчүн онлайн тренинг өттү

January 15, 2021, 06:54

2021-жылдын 14-январында “Илимдеги кыздар” долбоорунун эксперти Анипа Усупкожоева “Secom” окутуу борборунун Ош шаарындагы педагогдору  үчүн онлайн тренинг өттү.


Анипа Абылбековна STEM педагогдорго зарыл болгон профессионалдык көндүмдөр тууралуу айтып берди. Ошондой эле Анипа айым окутуудагы жаңы педагогикалык технологиялар жөнүндө маалымат берип, өспүрүмдөрдүн гендердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарылдыгын белгиледи. Долбоордун эксперти мугалимдерди жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык курсуна тандалып алынган кыздардын психологиялык жагын өнүктүрүүгө чакырып өттү.


Ош шаары жана Кара-Суу районундагы пилоттук мектептерден тандалып алынган 143 окуучу кыз долбоордун каржылоосу менен Ош шаарындагы “SECOM” окутуу борборунда жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык курсунда 3 ай окушмакчы.


Ошондой эле ЖРТга даярдык курсуна Бишкек жана Чүй облсунан тандалып алынган долбоордун пилоттук 81 мектебинен тандалган 244 кыз “SECOM” окутуу борборунун Бишкектеги кеңсесинде окутулат.


Эскерте кетсек, Юнисефтин “Илимдеги кыздар” долбоору 2020-жылы башталган. Долбоорду “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиядагы Америка университетинин инновациялык колледжи жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси ишке ашырып келүүдө.


Долбоордун максатын ишке ашырууда бүгүнкү күндө так илимде кыздардын орду, саны боюнча анализ жүргүзүлүп, менторлук иш-чара, кыздарды ЖРТ га даярдоо менен так илим багыты боюнча окуу жайларга өтүүдө багыт берүү жана билим берүү стандарттарын анализдөө менен атайын колдонмо, программаларды даярдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.