«16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясынын» алкагында 2020-жылдын 8-декабрында “Махабат. Мыйзамдуулук. Мээрим” аталышындагы онлайн диалог болуп өттү

December 11, 2020, 09:03

Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду  тарабынан «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында уюштурулду.Долбоор Эл аралык миграция уюму, БУУнун аялдар түзү жана Эл аралык эмгек уюму тарабынан БУУ Тынчтык куруу фондунун каржылоосу менен ишке ашып келүүдө.

 

Эскерте кетсек, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы жыл сайын 25-ноябрь, Эл аралык Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнү башталат жана 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат.

 

Быйыл Кыргызстанда биргелешкен акция үч багытты камтыйт: зыяндуу тажрыйбаны жана гендердик зомбулукту бекемдөөчү социалдык ченемдерди өзгөртүү үчүн "унчукпоо" маданиятын жактоо; үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларына жооп кайтарууну жогорулатуу үчүн кризистик борборлордун жана ишеним телефондорунун көрүнүшүн жогорулатуу, айрыкча COVID-19 кризиси учурунда кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктын жогорулашы жана акыры аялдардын чечим кабыл алууга катышуусун күчөтүү үчүн гендердик теңчилик боюнча жалпы маалымдуулукту жогорулатуу.

 

“Махабат. Мыйзамдуулук. Мээрим” онлайн диалогуна «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарындагы Кара-Буура, Бел, Төөлөс, Орозбеков, Кызыл-Туу, Ак-Турпак пилоттук айыл өкмөттөрүнүн мектеп парламенттеринин лидерлери,  айыл өкмөттөрдөгү жаштар комитеттеринин өкүлдөрү жана социалдык маселелер боюнча адистер болуп жалпы 76 адам катышты.

 

Диалогдун жүрүшүндө «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоору тууралуу Арстанбек Сагынтай уулу кыска маалымат берип өттү.

 

“Махабат. Мыйзамдуулук. Мээрим” диалогунун максаты жаш лидерлерге  “16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы” тууралуу кенен маалымат берип, ынтымак, тынчтык бекемдөө үчүн мыйзамдуулуктун маанисин белгилөө болду.

 

Катышуучуларга реалдуу жашоодон алынган кыз ала качуу темасындагы “Калыс” ролиги көрсөтүлдү. Диалогдун коногу, “Жамгырдан кийин” тасмасынын сценаристи жана продюсери Юджиния Чанг жаш лидерлерге тасманын жаралуу тарыхын айтып, сүйүүнүн баардыгынан жогору тураарын белгилеп өттү: “Тасмада жамгырдан кийин чыккан күн нуру эң жарык болот деген ой айтылат. Башыбызга кандай гана кыйынчылык келбесин жамгырдан кийин күн чыгаарын унутпайлы,  ошол нурлар тунук жана жарык болот. Сүйүү бар жерде ар дайым үмүт бар”-деп белгиледи Юджиния Чанг.

 

Диалогдун экинчи коногу пробоно-адвокат Азамат Аттокуров катышуучуларга зомбулук айлампасынан чыгуу жана реабилитациядан өтүү жолдору тууралуу маалымат берип, жаш лидерлерди зомбулук тууралуу унчукпай коюудан баш тартууга чакырды: “Жылдан жылга зомбулук 20-30 пайызга көбөйүп жатат, былтыр эле 66 аял каза болду. Ошондуктан, зомбулук тууралуу билсеңер сөзсүз айтышыңар керек. Ала качуу үчүн кылмыш кодексине ылайык 7 жылга чейин кесилет. Жашы жете элек кыз болсо, баардык катышуучулар жоопко тартылат. Зордукка кабылган аялдардын окшоштуктары бар алар сабаты жок, иш таржырайбасы жок жана ата-энеси  тарабынан колдоо көрбөгөн айымдар. Ушундай көйгөй болбошу үчүн кыздар, билим алышыңар керек”- деди Азамат Аттокуров.

 

Диалогдун конокторунун маалыматы катышуучуларга кызыктуу болуп, көптөгөн суроо, каалоо тилектерди айтышты. Баткен областынын Орозбеков айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин өкүлү  Рахима Уланбек кызы : Суйуу менен жашаган жакшы,бирок ошондо да бири - бирин түшүнүү керек, сыйлоо керек, катаал учурда туура чечим чыгаруусу абзел, ошондо гана күчтүү үй- бүлө болот”- деген пикирин жазды. Баткен областынын Ак-Турпак айылынын О.Абдрахманов атындагы орто мектебинин тарбиялык көзөмөл министри Буажар Маккамбай кызы “Диалогдо берилген маалымат аябай актуалдуу экен, биздин жашообузга өтө чоң багыт бере алат” деп белгиледи.

 

Эрмеков Нурсултан, Орозбеков айылындагы С.Тешеев атындагы орто мектебинин мектеп парламентинин мүчөсү: “Мен бугункү темадан ынтымакта болууну түшүндүм, сиздерге чон рахмат!”-деген пикирин айтты. Ал эми  Ноокат районунун тургуну Аскарова Айзада Юджиния Чанг менен Азамат Аттокуровду Абшыр-Ата жергесине конокко чакырып, чыдамсыздык менен күтөөрүн билдирди

 

Ошондой эле катышуучулар долбоордун социалдык тармактардагы баракчалары менен таанышып,долбоор алкагындагы эссе жазуу боюнча сынак тууралуу маалымат алышты.

 

Онлайн диалогдун соңунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу жетекчиси Догдургүл Кенирбаева жаш лидерлерге кайрылып, кыз-келиндерге карата зомбулукту бир гана билимдүүлүк жеңээрин белгилеп өттү. “Биз кыз-келиндерге камкор мамиле жасоого чакырабыз,эң жакшы коргон энелерибиз, кыздарыбыз кор болуусун каалабайбыз. Аялдар билимдүү болсо, миграцияга барганда да жакшы жумушта иштеп жакшы айлык ала алышат. Англис тилин билсе, андан да мыкты жерге иштеп ийгиликке жетише алышат.”

 

«Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун координатору Чынара Абдраимакунова онлайн диалогдун активдүү катышуучуларын белгилеп айтып,  “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан чыгарылган китептер белекке берилэээрин билдирди.