Отунбаева президент менен парламентти абалды жөнгө салууга жардам берүүгө чакырды

October 7, 2020, 12:15

Кыргызстанда президент жана парламент өлкөдөгү абалды турукташтырууга салым кошушу керек. Бул тууралуу мурдагы президенти Роза Отунбаева орусиялык “Интерфакс” агенттигине берген маегинде билдирди. Анда экс-президент өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн бардык саясий күчтөр биримдикке келип, буга президент жана парламент жардам бериши керек.

“2010-жылдан айырмаланып, учурда биз канчалык сындасак да, иштеп турган парламент бар. Ал бар жана жаңы шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык даярдыкты көрүшү керек. Бизде бул жараяндын артында турган президент бар”, - деген Отунбаева.

Экс-президент ошондой эле шайлоо жыйынтыгына каршы чыккан партияларды акылга келип, патриотизмин көрсөтүүгө чакырган.

Отунбаева жаңы шайлоолорду жаңы жылга чейин өткөрүп, жаңы парламент шайланат деген үмүтүн билдирген.

Источник:  azattyk.org