Азыркы Кыргызстандын көзкарандысыздыгы – бул өлкөбүздүн келечеги үчүн улуттук биригүүнүн жана жалпы жоопкерчиликтин символу

August 31, 2020, 00:24

Кымбаттуу достор! 

Кыргыз Республикасынын Көзкарандысыздык Күнү менен биздин чын дилден куттуктоолорубузду кабыл алып коюңуздар!

 

Азыркы Кыргызстандын көзкарандысыздыгы – бул өлкөбүздүн келечеги үчүн улуттук биригүүнүн жана жалпы жоопкерчиликтин символу. Ар бирибиздин түзүүчүлүк, ар күндөгү эмгегибиз анын андан аркы бакубаттуулугуна жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүүгө тийиш. Бүгүнкү күндө, COVID-19 тараган шарттарда, биз жаңы көйгөйлөргө кабылган учурда коомубуздун алдында, өлкөбүздүн алдында жаңы милдеттер турат, аларды биз биримдигибиз менен гана жүзөгө ашыра алабыз. Биздин алдыбызда турган глобалдык маселелерди чечүүдө, ар күндөгү милдеттерди чечүүдө биримдик өтө зарыл.

 

Эртең мектеп окуучулары менен студенттер үчүн жаңы окуу жылы башталат. Пандемияга байланыштуу окуу демейдегиден башкача шарттарда башталат жана бул да бардык күч-аракеттерди жумшоону жана окуу процессинин бардык катышуучулары тараптан түшүнүүнү талап кылат.

 

Мектеп окуучулар жөн гана базалык предметтик билим алуучу жер болуудан калды. Эми ал өз алдынча ойлонууга, милдеттерди түзүүгө, маалыматтын ар кандай булактарын сабаттуу пайдаланууга, жоопторду табууга, демейдегиден башкача форматта баарлашууга жана иштөөгө да окутат. Мында мугалимдер гана эмес, ошондой эле ата-энелер да, балдардын өздөрү да, волонтерлор да жардамчы боло алат.

 

Эч нерсеге карабастан бардыгыбыз алга илгерилөөгө тийишпиз. Алдыда окуучуларды көптөгөн кызыктуу нерселер күтө берсин, ар бир сабак ачылыштарды тартууласын, ал эми окуу жылы ийгиликтүү болсун. Педагогдор илимдердин жашыруун сырларын ачууга жардам бере берсин, ал эми ата-энелердин бекем колдоосу көөнөрбөсүн.

 

Ушул маанилүү күнү Кыргызстандын бардык жарандарына чың ден соолук, бакубаттуулук жана туруктуулук каалайбыз! Силердин үйдө дайыма бейпилдик жана өз ара түшүнүшүү өкүм сүрсүн.

  

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 
уюштуруучусу жана жамааты

 Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын фотосу