«Ар бир үйдө бешик ыры жаңырсын!» флешмобу

August 21, 2020, 08:09

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын 70 жылдык мааракесинин урматына “Ар бир үйдө бешик ыры жаңырсын” аттуу флешмоб жарыялайбыз! 


Флешмобко катышуу үчүн 23-август күнү кечки саат 21:30 да ушул https://youtu.be/9EJ0-9FRKwA шилтеме аркылуу өтүп, бешик ырын угуңуз.


Бешик ыры баланы өнүктүрүүнүн, өстүрүүнүн өбөлгөсү. Анткени эне жана ата балага берилип мээрим төгүп, бооруна бекем кысып, баланын кулагына шыбырап ырдап берет. Ырда эмне деген керемет каалоолор, сөздөр жатат. Бала ал сөздөрдү угат, кабыл алат жана сиңирет. Мемиреп, коопсуз уктайт. Бала тили, дили жана сөз байлыгы тез өнүккөн мээримдүү бөбөк болсун десеңиз, ар дайым бешик ырын ырдап бериңиз. Наристеге бешик ырын ырдап берүүнүн эң пайдалуулугу илимий жана турмуштук тажрыйбада далилденген. Наристеге мээрим төгүп, мээримдүү өстүрөлү! Мээрим  бекер, аны эч качан аябагыла! Ал түгөнбөйт жана соолубайт! 


“Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ фондунун келечек муунга инвестициялоо багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында “Бешик ырлары” жыйнагы жарык көргөн.   Роза Отунбаева балдардын кенже куракта өнүктүрүү маанисин ар дайым белгилеп келет, бул багытта фонд бир катар демилгелерди ишке ашырды.  “Бешик ырлары” жыйнагын жаратуунун максаты ата-эне менен наристенин ортосундагы байланышты ширетип, эркин өсүүсүн камсыз кылуу! Өз мезгили келгенде, наристе чоңойюп өз баласына бешик ырын ырдап берет! Муундар байланышы уланат!


Келгиле, ар бирибиз 23-август 21:30 до https://youtu.be/9EJ0-9FRKwA шилеме менен өтүп керемет бешик ырын үйүбүзгө жапатырмак жаңырталы!