Казакстандын Президенти Кыргызстандын экс-Президентине көңүл айтты

July 2, 2020, 15:44

Казакстан Республикасынын Президенти  Касым-Жомарт Токаев КР экс-Президенти  Р.И. Отунбаевага энеси Салийка Даниярованын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты

Жети кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кеңеш айылында туулган. Ал 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыкканы маалым.

Маркумдун жасаты 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө жашырылды.