Казакстандын Президенти Кыргызстандын экс-Президентине көңүл айтты
July 2, 2020, 15:44Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев КР экс-Президенти Р.И. Отунбаевага энеси Салийка Даниярованын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты
Жети кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кеңеш айылында туулган. Ал 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыкканы маалым.
Маркумдун жасаты 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө жашырылды.