Мыкты педагог, бактылуу эне Салийка Даниярова дүйнөдөн өттү

June 29, 2020, 09:14

Кыргыз эли   өзүнүн дагы бир мыкты инсанынан ажырады.  2020-жылдын  28-июнунда  Кыргыз Республикасынын экс-Президенти  Роза Исаковна Отунбаеванын энеси  Салийка  Даниярова дүйнөдөн өттү.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду   аталган Фонддун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти  Роза Исаковна Отунбаевага жана кесиптешибиз Клара Исак кызына   терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас  районундагы Кеңеш айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин, 1952-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайда “башталгыч класстын мугалими” адистигине окуган. Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто 

мектепте он жылга жакын мугалим болуп иштеген.


Андан кийин күйөөсү Исак Отунбаевдин жаңы кызмат орунга которулгандыгына байланыштуу Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектепте мугалимдик ишин уланткан. 1964-жылы Ош педагогикалык институтунун биология факультетине тапшырган.Күйөөсү борбор калаага жаңы ишке которулгандыгына байланыштуу мугалимдик ишин 1967-жылы Фрунзе шаарындагы №1 спорттук мектеп-интернатында уланткан. 1975-жылы ушул мектеп-интернаттан пенсияга чыккан.


Педагог Салийка Даниярова узак жылдарды камтыган эмгегин көптөгөн коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди, белгилүү спортчуларды окутуп, тарбиялоого арнады. Көп балалуу үй-бүлөнүн бактылуу энеси күйөөсү менен сегиз балага өмүр берип, окутуп, тарбиялады, ондогон небере-чөбөрөлүү болду.

Азыр Отунбаевдер - жети кыз, бир уул – бардыгы турмушта ордун тапкан, жогорку билимдүү адистер. Экинчи кызы Роза Отунбаева Кыргызстандын президенти болду.