“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Менин компьютерим” электрондук китеби чыкты

June 9, 2020, 09:49

Аталган китеп балдарга гана эмес улуу мундагы окурмандарга да кызыктуу болот. Китепте компьютердин жаралуу тарыхы, аткарган милдеттери, анын түзүлүшү жана түрлөрүн билип таануу,иштөөгө үйрөнүүнүн жолдору жөнүндө айтып берет.Бул китеп замандын талаптарына жооп берген ыкмалар аркылуу дүйнөнү билип,таанууга, билим деңгээлин жогорулатууга, өз алдынча окуп үйрөнүүгө,алган билимин пайдаланууга, өзүнүн көп кырдуу мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жана көркөм өнөр аркылуу өзүн-өзү көрсөтүүгө, дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.


Бул китепти жазуу,чыгаруу идеясы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага таандык.