СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» интерактивдүү мектеби 6-майдан бери өз ишин улантып жатат

May 18, 2020, 13:05
Ушул күндөрү “Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана И.Раззаков атындагы КМТУ Кыргыз Республикасында СТЕМ билим берүүнү өнүктүрүүнүн жана кыздарды инженердик адистиктерге тартуу максатында СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» интерактивдүү мектебин өткөрүп жатат. Ага республикабыздын бардык аймактарынан 200гө жакын жогорку класстын окуучу кыздары катышып, «zoom», Мегаком билим берүү платформасында онлайн-окутулуп жатат.


Мектептин милдеттери кыздардагы техникалык дисциплиналарга карата кызыгууну ойготуу, сын көз караштагы ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, өз күчүнө болгон ишенимди жогорулатуу жана лидерлик көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.


Бүгүнкү күнгө чейин мектептин катышуучулары Техникалык англис тили, IT, инженердик билим берүү багыттары боюнча сабактарды алышты. Кыздарга И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинин окутуучулары Чокморова Айнура, Баялиева Чолпон, Жолдошева Бактыгүл, Белекова Жылдыз, Доталиева Жаныгүл,Акпаралиев Руслан, Өмүралинв Усен,Мамбеталиев Тилек, жана чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жаткан кыргызстандык окмуштуу, адистер Муратбекова Үмүт, Алдаярова Айбилек, Муратбекова Толгонай, Нуралиева Элнура, Кубакаев Иса, Акбекова Гулбарчын, Алымкулов Болот, Чынтемирова Нурзат, ошондой эле адистер Анварбеков Амантай, Авазов Акылбек ж.б сабак берип, алар менен билимин жана тажырыйбасын бөлүшүп жатышат.

Эскерте кетсек, “Илим кыз” мектеби 26-майга чейин уланат.