Биз сизди унутпайбыз, Владимир Сергеевич!

May 2, 2020, 15:55

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти  Р.И.Отунбаева жана ал негиздеген «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду коллегабыз,  таланттуу, кесипкөй фотограф  Владимир Сергеевич Пархоменконун дүйнөдөн өткөндүгүнө  байланыштуу  үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Владимири Сергеевич көп жылдар жооптуу кызматтарды аркалап, өзүнүн адистигин мыкты билген кесипкөй катары  эл журтуна, өлкөсүнө ак дилден  кызмат өтөдү. Анын тарткан сүрөттөрү  Кыргызстандын  басып өткөн жолун, урунттуу окуяларды  чагылдырууда баа жеткис  материалдардын катарын толуктап , тарыхта түбөлүккө  калат.


В.С.Пархоменко  биздин Фонд  түзүлүп, иштей баштаган алгачкы күндөн  тартып  кызматташып, Фонддун өткөргөн  иш чараларын, жүргүзгөн ишмердиктеринин жаркын учурларын сүрөткө тартып,  коомчулукка чагылдырып, биздин демилгелердин  таасирин, маанисин ого бетер көтөрүүдө  өзүнүн салымын кошо алды.  Ал өз ишине берилген, жоопкерчиликтүү,  кесипкөй инсан эле. Биз үчүн орду толгус жоготуу болду.


Биз сизге чексиз ыраазыбыз, эч качан унутпайбыз, сиз тарткан сүрөттөр  түбөлүк  тургандай, сиздин элесиңиз дайым биз менен кала берет, жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун, Владимир Сергеевич!