Балдар филармониясы. "Ала-Тоо музыкасы" концертинин жазуусун көрүүгө чакырабыз

April 16, 2020, 11:13

Биз өз ишибизди жакшы көрөбүз. Ушул жазга карата пландарыбыз көп! Бирок, тилекке каршы, бардыгын алып салууга туура келүүдө, анткени кантсе да эң башкысы – ден соолук.

 

Биз мындай деп ойлоп жатабыз: азырынча биз үйдө болушубуз маанилүү, ар кандай онлайн-кинотеатрларга жана оюн платформаларына жазылуу – бул эң сонун. Бирок ушундай татаал мезгилде биз жасай ала турган жакшы нерсе – биздин Фонд көптөгөн жылдардан бери уюштуруп келаткан жакшы жана сонун, таанып-билүү иш-чараларын эстөө.

 

Бүгүн биз бишкектиктерге жагып калган үй-бүлөлүк маданий-билим берүүчү эс алуунун «Балдар филармониясы» долбоорун эстөөнү сунуш кылабыз, ал классикалык музыканын концерттеринин жана бийдин сериясын камтыйт, лекция менен коштолот.

 

Эгерде биз күн сайын комузду жана кыргыз ырларын уксак, айта турган нерсе деле калбагандай. Бирок эфирлердин жана экрандардын тышында ушунчалык көп нерселер калат. Байыркы сейрек көркөм өнөр «так теке», жетиген деген байыркы музыкалык аспап, аны кыргыз гуслясы деп атоого болот, ооз-комуздар кантип жасалат, кыргыз музыкалык уламыштары – ушулардын бардыгы "Ала-Тоо музыкасы" концертинин программасында сунуш кылынган, аны Разия Сырдыбаева мыкты өткөрдү.