Сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

March 26, 2020, 22:08

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду балдардын фото сүрөттөрүнүн сынагынын жыйынтыгын чыгарды.  Сынак «Үч жаштан кийин кеч»  демилгесинин социалдык баракчаларында уюштурулган.


Фото сынактын негизги максаты-балдардын кенже курактагы ар тараптан өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн, кенже курактагы таланттарын көрсөтүү жана Инстаграм колдонуучуларынын балдарын ар тараптан өнүктүрүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жогорулатуу темасына көңүлүн буруу.

Фото сынак  2020-ж  1-февралынан 15-мартка чейин уланды. Сынактын шарты боюнча катышуучулар сүрөттөрдү Инстаграмга  #3жаштанкийинкеч  хэштеги менен жүктөп,  @3tonkiyinkech баракчасын белгилеши керек эле.  Сүрөттөр төмөнкү темаларда кабыл алынды :“Атам менен селфи”,"Апам менен селфи", "Досум менен селфи", “Бала жана маданият”, “Жаратылышка чыкканда”, “Китеп окуйбуз”, “Менин балам – гений”, “Балам мастер-класстарга барганда” “Боорум эзилгиче күлдүм” “Муундар баарлашуусу” “Мага жарашабы” ж.б

Жалпысынан сынакка  230 фото сүрөт катышты. Мыкты сүрөттөрдү фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаева жана белгилүү фотограф Эркин Болжуров башында турган калыстар тобу аныкташты.

Башкы байге Смартфон жана  Weleda (@weleda.kg) нукура косметикадан белекти  Азамат Маматали уулу утуп алды, экинчи орун-«Добрый жук» дүкөнүнөн балакайга жумшак кресло @dobryijuk жана Gotoogo (@gotoogo.kg) компаниясынан сертификатты Кундуз Казыбек кызы, үчүнчү орунга “Oinobook”@oinobook.kg эксклюзивдүү өнүктүрүүчү китебин жана улуттук оюн комплектин @chucoland Динара Нурмурат кызы  утуп алды.



“Үч жаштан кийин кеч”– бул“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун ата-энелер үчүн кенже курактагы эрте өнүктүрүү маселелери тууралуу маанилүү жана пайдалуу маалыматтарды жайылткансоциалдык тармактардагы баракча. 


Одноклассники:https://ok.ru/profile/581854435114