Кечээ борбордо «Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү» белгиленди

February 11, 2020, 06:00

10-февралды бүткүл дүйнө “Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү” катары белгилөөдө. Бул күн кыздардын адатынча “эркектердин” деп эсептелинген илим, техника, технологиялар жана IТ менен байланыштуу кесиптерди тандоодогу кыздардын укуктарын коргоого арналган.


Бишкекте бул күндү илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү аялдар-илимпоздордун, ошондой эле илимди жана IT ни кесип кылып тандап алган жана өз жаатында ийгиликтерге жетишкен кыздардын катышуусунда Кыргызпатент тарабынан уюштурулган иш-чара менен белгиленди.


Жолугушууга КР экс-Президенти Роза Отунбаева жана социалдык маселелер боюнча Вице-Премьер-министр Алтынай Омурбекова катышты.


Роза Отунбаева бат өзгөрүп турган азыркы заманбап дүйнөдө кыздардын жана аялдардын, улам көп орунду ээлеп жаткан илимдеги жана техникадагы ири, иш жүзүндө анча дагы ашырыла элек потенциалын белгилеп өттү.


Ийгиликтин эң көрүнүктүү мисалы деп биздин мекнедешибизди Асель Сартбаеваны атасак болот, ал өткөн жылы миңдеген адамдардын өмүрүн сактоого мүмкүнчүлүк берген илимий ойлоп чыгаргандыгы үчүн эл аралык сыйлык алган.