Джон Кеннединин «Каарманды көрнөктөрү» (Профили мужества) китебинин бет ачаары болуп өттү

February 4, 2020, 06:00

Жакында КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында Джон Кеннединин англис тилинен кыргыз тилине которулган «Профили мужества» - "Каарманды көрнөктөрү" китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепти белгилүү тарыхчы, котормочу жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон.


Аталган китеп Джон Кеннеди сенатор учурунда, 1956-жылы жазылган. Ошондон бери китеп 50 ирет кайрадан басылып чыккан.


Иш чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, Борбор Азиядагы Америка Университетинин профессору Медет Тюлегенов, китептин котормочусу Тынчтыкбек Чоротегин, саясатчы Өмүрбек Текебаев жана башкалар сөз сүйлөп, китептин маанисине токтолушту. Жогорудагы спикерлер белгилегендей, китеп окурманды мамлекеттин, өлкөнүн кызыкчылыгы партиялык жана жеке кызыкчылыктардан дайыма өөдө тураарына үйрөтөт.


Китепте баяндалган саясатчылар жана сенаторлор кандай гана кыйынчылыктарга карабастан, оппозицияда калам деп коркпой, өз позициясында тура алгандыгы, керек учурда жалгыз калса да көпчүлүккө каяша сүйлөй алган, чындыкты, өлкө кызыкчылыгын коргой алгандыгы менен айырмаланып турушат.


Китеп менен К.Баялинов атындагы китепканадан жана А.Осмонов атындагы Улуттук китепканадан тааныша аласыздар.


“Каармандык өрнөктөрү” китеби АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин китептерди которуу жана басып чыгаруу программасынын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жарык көрдү.