КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын өкүлдөрү Түркияга ар жылдагы таанышуу сапарына даярданып жатат

January 22, 2020, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга ишсапар менен сыйланды. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин Бирлигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат.


КРнын мектепке чейинки билим берүү системасынын 12 өкүлү Түркиянын шаарларынын муниципалитеттеринин мектепке чейинки билим берүү системасы менен таанышат жана тажрыйба алмашат. Делегаттар Кыргызстандын бардык 7 регионунан болот.


Визиттин максаты – Түркия Республикасынын билим берүү системасы менен таанышуу, кенже жана эрте курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча тажрыйбаны, бул багытта инновациялык методиканы алмашуу. Сапар 16-февралдан тартып пландаштырылууда жана 2020-жылдын 22-февралына чейин улантылат.


Маалымат үчүн: Визитти алмашуу биздин педагогдорубуз жана Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун уюштуруучулары – ЖӨБОнун, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү үчүн стимул жана жүйөө болуп саналат. 4 жылдын ичинде (2015-2019) Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарынан балдар билим берүү мекемелеринин 50дөн ашык педагогу мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү өзүнүн билимдерин жакшыртты жана алынган билимдерди балдарды окутууда пайдалана баштады.