Бүгүн бүт дүйнө жүзү эң сонун жана абдан маанилүү кесиптеги адамдарды кадырлап жатат

October 4, 2019, 06:00

Кымбаттуу мугалимдерибиз, мына силердин кесиптик майрамыңар – Мугалимдер күнү кайрадан босогого келип калды!

  

Силер – маанайы жарык жана таланттуу адамсыңар – силерге адамдар эң баалуу болгон өз балдарын ишенип берет. Силердин акылмандыгыңар жана билимиңер – татыктуу, прогрессивдүү муунду ийгиликтүү тарбиялоонун уюткусу. Силер күн сайын өз билимиңерди жана турмуштук тажрыйбаңарды жаңы муундун акыл-эсине жана жан-дүйнөсүнө жеткирип, чыгармачыл ой жүгүртүү, чечимдерди кабыл алуу, абдан тез өнүгүп жаткан дүйнөнүн реалдуулуктарына шайкеш келүү кудуретин өнүктүрөсүңөр.

 

Мугалимдин эмгегинин кайталангыстыгы анын натыйжалары ондогон жылдардан кийин гана билинээринде турат. Ал эми педагог үчүн эң чоң бакыт – биринчи класстагы эселек балдар ак ниеттүү, билимдүү, акылман адам болуп чыкканын көрүү.

 

Ушул майрам күнү жогорку кесипкөйлүгү жана чексиз чыдамдуулугу үчүн бардык педагогдорго ыраазычылык билдиргибиз келет. Силердин жүрөгүңөр кесибиңер менен бирге сого берсин. Силер өткөн ар бир сабак балдар үчүн алардын Турмуштук ачылыш китебинде жаңы барак болуп калсын! Силерге чың ден соолук, узак өмүр жана татаал, бирок ушунчалык маанилүү эмгегиңерде – адамды тарбиялоодо зор жетишкендиктерди каалайбыз!

 

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

уюштуруучусу жана жамааты