Роза Отунбаева Пенсильвания университетинде жаңы технологияларды жана алардын глобалдык таасирин талкуулоого катышты

October 1, 2019, 06:00

Пенсильвания университетинде (АКШ) «Жаңы технологиялар жана алардын глобалдык таасири» темасына илимий семинар болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын мурдагы Президенти Роза Отунбаева, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Джон Керри, АКШнын мурдагы коргоо министри Эшу Картеру, Human Rights Watch’тун аткаруучу директору Кеннет Рот, Uber’дин башкы илимий кызматкери Ракель Уртасун, ошондой эле Пенсильвания университетинин ректору Эми Гутман катышты.

 

Катышуучулар жасалма интеллекти, климаттын өзгөрүшүн, демократиянын маанилүүлүгүн, ошондой эле социалдык тармактарды талкуулады.

 

Өз сөзүндө Роза Отунбаева Кыргызстан мурдагыдай эле демократияны колдойт деп белгиледи. Ал батыш өлкөлөрүндөгү демократияны жогору баалады, ошондой эле 90-жалдарда өз коомун демократиялаштырууда Кошмо Штаттардын маанилүү ролун баса белгиледи.

 

Джон Керри, 2016-жылдагы Париж климаттык макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жагынан өзүнүн тажрыйбасына таянып (Кошмо Штаттар 2017-жылы макулдашуудан чыккан), климаттын өзгөрүшү жагынан АКШнын аракеттеринин шашылыштыгын баса белгиледи. Ал Американын күн жана шамал кубаттуулуктарына ири масштабдуу инвестицияларды сунуш кылып, Кошмо Штаттардын көпчүлүгүндө энергиянын орду толуп туруучу булактарын урунуу үчүн энергия системасы жок деп кошумчалады.

 

Пенсильвания университети – АКШнын алдыңкы университеттеринин бири, ал Филадельфияда жайгашкан. 1740-жылы Бенджамин Франклин негиздеген. Университет 2017-жылдан тартып ар түрдүү темаларга Күзгү илимий семинарды жыл сайын өткөрөт. Башкы катышуучулар – саясатчылар, дүйнөлүк бизнестин лидерлери, ошондой эле АКШнын жана башка өлкөлөрдүн эксперттери.

 

 

Булактар:

https://penntoday.upenn.edu/news/new-technologies-and-their-global-impact

https://www.thedp.com/article/2019/09/john-kerry-penn-perry-world-house-colloquium

https://ru.sputnik.kg/society/20190930/1045839126/kyrgyzstan-mid-oon-sessiya-prizyv.html

Архивдик фото