2019-жылдын 21-сентябрында «Дүйнөлүк тазалык күнү» өттү

September 23, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссия менен бирдикте, ошондой эле «Үмүт - Надежда» реабилитациялоо борборунун тарбиялануучулары жана «Active volunteers» жаштар уюму Дүйнөлүк тазалык күнүнө катышты. Биз М.К. Ататүрк сейил багынын аймагына бардык жана сейил бактын ичиндеги, ошондой эле тышындагы таштандыларды чогулттук. Акциянын жыйынтыктары боюнча 80 мүшөктөн ашык таштанды чогултулду.



Маалымат: Дүйнөлүк тазалык күнүн өткөрүү идеясы Эстониянын активисттерине таандык. Дал ушул өлкөдө «Аткарабыз!» деген кыймыл пайда болгон, быйыл ага 10 жыл толуп олтурат. Ушул мезгилдин ичинде ишембилик эл аралык болуп калды жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча 18 миллион адамды тартты.


Дүйнөлүк тазалык күнү өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экологиялык кырдаалга коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырылган. Курчап турган чөйрөнүн булганышынын көйгөйү миллиондогон адамдардын өмүрүн кыйып жатат, активисттер жарандарды ишембиликке кошулууга гана эмес, ошондой эле коомдук жерлерде тазалыкты дайыма сактоо жөнүндө, ресурстарды акыл-эстүүлүк менен керектөө жана аларды туура утилдештирүү жөнүндө ойлонууга чакырып жатат.