Айсулуу Тыныбекова Нур-Султанда 2019-жылдагы спрттук күрөш боюнча дүйнөнүн чемпионатын утуп, Мекенине жеңиш менен кайтып келди

September 21, 2019, 06:00

Айсулуу Тыныбекова Нур-Султанда 2019-жылдагы спрттук күрөш боюнча дүйнөнүн чемпионатын утуп, Мекенине жеңиш менен кайтып келди.

 

Эгерде жеңиш таза болсо, ал эч качан жеңил-желпи келе калбайт! Чемпиондук мүнөз жана жеңишке карай майтарылбас эрк, эмгекти сүйгөндүк, өжөрлүк жана чеберчилик Айсулууну татыктуу жеңишке алып келди.


Көзкарандысыздыктын бүткүл жылдарынын ичинде Кыргызстандын кызы алтын медалды ишенимдүү багындырып жана татыктуу чемпиондук титулду алып, Дүйнөнүн чемпиону болуп калды. Тоодогу чакан айылда туулган, жоокердик күчтүү мүнөзү бар ушул кыз миңдеген кыргызстандыктарды демин ичине басып, телевизордун экранына тигилип, анын салтанаттуу күрөшүнө көз салып, анын жеңишине таңданууга жана сыймыктанууга мажбурлады. Айсулуу Кыргыз Республикасынын кыз-келиндери үчүн мыкты үлгү, ниет менен тырышчаактык дайыма өзүнүн үзүрүн бере тургандыгынын, максатка карай ээ-жаа бербеген умтулуу сөзсүз түрдө ага алып келе тургандыгынын мисалы болуп калды.


Айсулуу Тыныбекованы татыктуу жана көптөн күткөн жеңиши менен чын дилимден куттуктайм, ал, сөзсүз түрдө, анын өжөрлүгүнүн, жигердүү турмуштук позициясынын жана эмгекти сүйгөндүгүнүн жаркын ырастоосу болуп калды.


Айсулуу, биздин жеңүүчүбүз!


Ар кандай күрөштө, ар кандай кармашта ушундай эле көрүнүктүү, сонун, ишенимдүү жана татыктуу жеңе беришиңди каалайм! Дайыма эмнеге умтулуп жатканын жана ийгиликке кантип жетүүгө болоорун так билген күчтүү адам болууну уланта бер. Рухтун бекемдиги, эр жүрөктүк, жигердүү турмуштук позиция, шайдооттук, дилгирлик жана дымактуулук жылоолосун! Ушунуңдан жазба!


КР Экс-президенти,

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу

Роза Исаковна Отунбаева