Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн адамдардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш тууралуу жайкы үйрөтүү лагери өттү

July 19, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн үч күндүк жайкы үйрөтүү лагери Жалал-Абад облусунун Кара-Алма айылында жайгашкан “Кара-Алма” эс алуу жайында өттү. Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.

 

Лагердин ишине жалпысынан он алты мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон коомдук-активдүү жарандар катышты. Алардын ичинен жети эркек жана тогуз айым Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунан келишти.

 

Үч күндүн ичинде лагердин катышуучулары өз укугун ишке ашыруудагы ыктыярдуулук, адамдын укуктарын алдыга жылдыруу, мамлекет жана шайлоонун түзүлүшү боюнча маалымдуулугун жогорулатышты, мигранттардын кызыкчылыктарын коргоодогу жана маселелерин чечүүдөгү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен баарлашышты, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты, өз мекенине салым кошкон мекендештер менен жолугушууларга катышышты, ошону менен бирге өз коомдорунда маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болушту.

 

Сессиялардын жүрүшү видеотасма көрсөтүү, командалык оюндарды ойноо, рефлексия боюнча көнүгүүлөрдү өткөрүү, арт-терапия жана башка иш-чаралар менен ар бир катышуучунун командалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү максатында коштолду. Ошондой эле катышуучулардын назарына “Атанын керээзи” көркөм тасмасы коюлуп берилди. Коюлган тасма катышуучулар арасында чоң кызыгуу жаратып, шыктандырып, алардын күтүүлөрүн толугу менен актады.

 

Эске сала кетсек аталган долбоордун алкагындагы биринчи лагер 2019-жылдын 24-июнунан тартып 28-июнга чейин, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан "Ак-Чий" эс алуу аймагында орун алган. Эки лагердин натыйжасы – жергиликтүү жамааттарда мигранттардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн мигранттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө тартуу аркылуу төмөнкүдөй багыттар боюнча активист катары мигранттардын волонтердук иши болуп саналат: адамдын укуктарын алга илгерилетүү;

жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери, адамдарды сатуу/контрабанда жөнүндө маалыматты таратуу; өз таржымалдары жөнүндө айтып берүү жана тажрыйба алмашуу аркылуу коопсуз миграциянын маселелерин алга илгерилетүү; жамааттардын деңгээлинде социалдык жана экономикалык жактан маанилүү аракеттерди демилгелөө.

 

Лагерлер Эл аралык миграция боюнча уюму (МЭАУ)/БУУнун миграция боюнча агенттигинин колдоосу менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду тарабынан жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү (IFES) менен биргеликте АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган.