Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө»

June 10, 2019, 06:00


Р.И. Отунбаева. Кытайдын лидеринин китебинин презентациясында сүйлөгөн сөз

Си Цзинпин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө»


Бишкек, 8.06.2019


Биздин алдыбызда Кытайдын Төрагасы, ККПнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин демейдегиден башкача, мазмуну боюнча терең, руху боюнча күчтүү китеп турат. Мен, дейт Президент Си, айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен жолукканда, алар түшүнө албай: «Кытай сыяктуу ушунчалык зор өлкөнү кантип башкарууга болот?» деп сурашат. Журналистке өзүнүн интервьюсунда ал улуу кытай ойчулу Лао-цзынын: улуу державаны башкаруу майда балыктан уха (балык шорпону) жасагандай деп айтканына таянып, жеткиликтүү жана жөнөкөй түшүндүрөт. Муну кантип түшүнүүгө болот? Анын мааниси томонку: чоң мамлекетти башкаруу майда балыкты кууруган сыяктуу эле кылдаттыкты жана этияттыкты талап кылат. Отко көз салып, чыкты ченеми менен пайдалануу керек, мында казандагы балыкты тынымсыз оодара берүүгө болбойт. Төрага Синин коз-карашы боюнча: коомду «майда балыкты бышыргандай» башкаруу, колуңду дайыма пульсунда кармоо, эч бир майдабарат шалаакылыкка жол бербөө, ишиңе берилүү менен, күнү-түнү эмгектенүү керек.


Бул китеп жандуу жана өтө кызыктуу жазылган, ар түрдүү аудиториялардын алдындагы өз сөздөрүндө Кытай лидери улуттун беш миң жылдык цивилизациясынын капчыгынан алган эски элдик насааттарды, көп сандаган курч, даанышман кытай макалдарын жигердүү колдонот. Китеп жеңил окулат, алгачкы барактардан тартып эле маселелерди так коюусу, кесипкөй сынчыл ыкмасы, көйгөйдүн маңызын терең сүрөттөө менен тексттин тереңине тартат, автордун ишке берилгендигинин пафосу менен шыктандырат.


Бул китепти окуп жатып, коңшу гигант өлкөнү олуттуу түшүнөсүң: ал кантип башкарылат, ушунчалык таң калтырган ийгиликтерге кантип жетишип жатат, бийликтин жана коомдун, борбордун жана региондордун, партиянын жана аткаруу бийлигинин өз ара мамилелеринин саясаты кандай, Кытайдын жетекчилигинин курчап турган чөйрөгө, өзүнүн коңшуларына көз карашы кандай. Акыркы чейрек кылымдын ичинде эки мамлекеттин интенсивдуу мамилелеринин алкагында жүз миңдеген адамдар бири-бирине каттайт, соода кылат, долбоорлойт, курат; студенттер менен илимпоздор чек аранын эки тарабында көпкө жашайт, илимди, турмушту жеринде иликтейт. Бизди жалпы тоолор жана дарыялар бириктирип турат: 60-чы жылдары мен Кыргызстандын Тянь-шань областында, Тенир-тоонун арасында чонойгом. Бүгүнкү күндө биз эки олко стратегиялык өнөктөр, Шанхай Кызмытташтык Уюму боюнча союздаштар болуп осуп, онугуп жатабыз.


Торага Си оз китебинде: «Өз ара таанышуу жана өз ара түшүнүү мамлекеттик мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн фундаменталдык иш болуп саналат. Тааныштык жана түшүнүшүү канчалык терең болсо, алыш-бериштин жана кызматташтыктын пайдубалы ошончолук бекем жана кеңири болот», - деп жазат. Биз таанып-билүүгө, жер кезүүгө, бири-бирибиз менен пикир алышууга тийишпиз: «эки тараптуу мамилелерде позитивдуу энергияны топтоо керек», деп чакырыт. Президент Синин китеби – азыркы Кытайды түшүнүү үчүн мыкты жол!


Пекин университетинин студенттеринин алдындагы сөзундо ал мындай деп билдирет: «Улут, өлкө ал өзү ким болуп санала тургандыгын, өзүнүн булактары кайдан башталаарын, ал кайда баратканын билүүгө тийиш жана муну түшүнгөндөн кийин ал өз максатына кыйшаюусуз барууга тийиш». Андан ары ал: «Узакка созулган издөөлөрдүн натыйжасында биз өзүбүздүн туура өнүгүү жолубузду таптык, ал Кытайдын улуттук акыйкаттарына жооп берет». Биздин эл, кытай үмүт-тилегин ишке ашыруу: кытай улутунун улуу кайра жаралуусу үчүн күрөшүп жатат. Биз кытай спецификасы бар социализмди куруп жатабыз. «Кытайды социализм гана сактап кала алат!», - деп ырастайт Си (30-бет).


Кытайдагы ачыктыктын жана реформалардын 40 жылдык саясатынын натыйжалары таң каларлык! Кытайдын салыштырма салмагы дүйнөнүн экономикасынын көлөмү боюнча экинчи болуп чыгып, дүйнөлүк экономикада үчтөн бирди түзөт! Стабилдүүлүктүн шарттарында жүргүзүлгөн реформалар жогорку өсүш темптерин камсыз кылды, жыл сайын орточо 9,5% осту. 500 млн адамга жакын орто таптын катмары түзүлдү, ал олкодо 700 млн адамды кедейликтен сууруп чыгышты, адамдардын өмүрүнүн узактыгы 6 жылга өстү.


Биз да Кыргызстанда болжол менен узактыгы боюнча ушундай эле жолду басып өттүк: социалисттик экономиканы кыйратып-жок кылып, компартиянын руху жана ченемдерин жоготуудан тартып парламенттик демократияга жол сурдук. Ортобуздагы айырма айкын көрүнүп турат, ал коңшу өлкөдөгү концептуалдык лидерликте. Партия жана анын иштөө стили – Синин китебинин өзөгү; бул беттерди окуу менен 1,4 миллиард элдин авангардынын миссиясын тарткан 82 миллион коммунисттик партия, өлкөнүн реалдуу ийгиликтерин камсыз кылып, чарчап-чаалыкпастан жана каармандык менен иштеп жатканына ынанасың. Коммунисттердин башчысынын девизи: «Аз сүйлөп, реалдуу иштер көп болсун!»


Биздин Кыргызстандагы саясий партияларыбыз көбүнесе солчул, социалисттик маанайда, сыягы биз бардыгыбыз социализмден өсүп чыкканбыз, алардын бардыгы али калыптануу процессинде: түзүлүп жана кайра чачырап турат, аларда тартип жокко эсе; парламенттеги фракциялар өкмөттү түзөт, ишти тарта албай, тармактын озоктуу проблемаларын чече албай, кетууго мажбур болгон суроочулоруно партия эч кандай жоопкерчилик тартпайт – жашоо-тиричилик өзүнчө, партиялардын жашоосу озунчо. Торага Си үчүн «партия эл менен бир дем алып жана бир тагдыр менен жашоого тийиш» деген сөздөр - куру сөз эмес! «Ким адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапса, ал өлкөнү баш ийдирет. Ким адамдардын жүрөгүнөн түнөк таба албаса, ал өлкөнү жоготот», - деп ишенет лидер. Эң төмөнтөн баштап, эбегейсиз зор өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында жетекчилик иштин бардык баскычтарынан өтүп, ал элге жакын, эл эмне менен жашап, эмнеге муктаж экенин билет. Дал ошондуктан аны элдин өзү «калктын катчысы» деп атаган. Си партиялык активге, элге Кытайдагы өкмөт «элдик» деген кошумчасы бар деп дайыма эсине салат! «Биз, коммунисттер үчүн, элдик масса – суу жана тамак берүүчүлөр, биз аларды өз ата-энебиздей жакшы көрүп, аларга кызмат кылып жана аларды бакубат жашоого алып барууга тийишпиз!». Өз түшүнүктөрүбуз жана сезимдерибиз менен салыштырып королучу: айтылган создор биздин турмушка жакынбы же түшүнүксүзбу?!


Мен биздин саясий партияларыбыздын лидерлерине төмөнкүлөр жөнүндө окууну көптөн-көп кеңеш кылам: «төрт жаман ылаң жөнүндө» (-бет), ККП алардан арылууну талап кылат, партиялык иштин стилин өркүндөтүү талаптар жөнүндө (-бет): «күзгүнү кароо, кийимди түздөө, душка түшүү, ооруну айыктыруу», иш жүзүндө булар: өзүн-өзү тазалоону, өз алдынча өркүндөөнү, өзүн жаңылоону, өзүнүн деңгээлин жогорулатууну билдирет (). Мунун баары өзүнүн иш тажрыйбасына негизделген кызыктуу талдоо окуу, ал силерди сөзсүз кызыктырат, байкоолордун тереңдиги менен өзүнө тартат, ойлонууга жана массанын арасындагы өз ишиңерге кайрадан кароого мажбурлайт. Бул китепти жогору баалап калганымдын дагы бир себеби мында: лидерлердин тексттери өлкөнүн багытын көрсөткөнү, жүрүп жаткан процесстердин маңызын элге түшүндүргөнү үчүн гана баалуу эмес. Аларга убакыт өткөндөн кийин кайра кайрылып, баа берсе болот: алар ишке ашырылдыбы же мурун айтылган создор популисттик чакырык, бир мүнөттүк куру убада, ойлонулбаган чечим болуп журбосун. Тексттер жол башчынын кадыр-баркы, лидерликтин деңгээли жөнүндө айдан ачык айтып турат, активди ушундай базалык документтерди окууга жана кайталап окууга, алардын үстүнөн иштөөгө, аларды массага чейин жеткирүүгө мажбурлайт.


Бизде, Кыргызстанда, бүткүл дүйнөдөгү башкалардай эле Кытайдын экономикалык кубаттуулугу анын позициясына жана эл аралык аренадагы аракеттерге кандай таасир эте тургандыгы кызыктырат. Анын экспансионисттик ою барбы? Коншулардын Назарбаев Университетиндеги өз сөзүндө Президент Си Цзинпин төмөнкүдөй жооп берди: «Кытай башка өлкөлөр өз алдынча тандаган өнүгүү жолун, тышкы жана ички саясатын урматтайт. Кытай Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички ишине кийлигишпейт, региондук маселелерди чечүүдө лидерликке умтулбайт, өзүнө таасир этүү чөйрөлөрүн түзбөйт». Андан ары: «Биз күч-кубаттуу өлкөлөр сөзсүз гегемонияга умтулууга тийиш деген логиканы четке кагабыз. Биз тынч өнүгүү жолу менен баратабыз». Си мындай деп билдирет: «Кытай – бул жооптуу мамлекет. Биз өз ишибизди кылууга тийишпиз. Башка өлкөлөр менен мамилелерди жолго коюу керек», «Биз адилеттүүлүктү жактайбыз, биз кедей кезде силер (ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешине мүчө өлкөлөргө кайрылып) биз менен бирге болгонсуңар». Ал Кытай үчүн чектеш өлкөлөрдүн артыкчылыктуу экенин өзгөчө баса белгилейт: алар менен жакшы коңшулаштыкты жана достукту өнүктүрүү, өз ара пайда принциптеринде өзүңө көбүрөөк досторду жана өнөктөрдү тартуу үчүн, биздин өнүгүшүбүздөн коңшу өлкөлөр көбүрөөк пайда алышы үчүн аларга чын дилден мамиле кылуу зарыл (400-406-беттер). Бул саясат биздин өлкө менен өз ара мамилелерде кандай ишке ашып жатканынына, биздин улуу коңшубуз биздин экономикага кандай баа жеткис жардам берип жатканынына күбөбүз.


Кытайдын өнүгүшү жана өсүшү – бул коркунуч эмес, ал бүткүл дүйнө үчүн мүмкүнчүлүк экенин түшүнүүгө тийишпиз. Дүйнөлүк ИДПнын үчтөн бири бүгүнкү күндө Кытайда өндүрүлөт! Кытайдын аркасы менен БУУнун Туруктуу онугуунун максаттары бардык дуйнолук көрсөткүчтөрдү жакшыртты. Ошондой болсо да бул гигант-олконун карапайымдыгын байкасанар: «Биз социализмдин баштапкы стадиясындабыз жана дагы көпкө чейин анда болобуз, бизде өнүгүүнүн реалдуу көйгөйлөрү жана карама-каршылыктары бар: «Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн деңгээли жогору эмес, калктын жашоо деңгээли да жогору эмес» (143-бет). Бул жерде олтургандардын бардыгыбыз – Кытайдын дүйнөлүк державага айланышынын күбөсүбүз, бул биздин көз алдыбызда болуп өттү. Мен биринчи жолу 1987-жылы Кытайга советтик кыргыз өкмөтүнүн төрагасынын орун басары катары барганымда, ал жердеги СССРдин элчилигинин 2-катчысы Касым-Жоомарт Токаев мага ал жактагы кырдаал жөнүндө иш билгилик менен коптогон нерселерди айтып берген. Анда ал башка Кытай болчу.


Төрага Си бул күндөрү РФда визит менен жүрөт. Ал Кытайдагы реформалар терең сууга кирди деп айтуудан тажабайт. Доордун көйгөйлөрү эбегейсиз зор: глобалдаштыруу доорунда 1.4 млрд адамды башкаруу онойбу?! АКШдагы студенттердин үчтөн бири Кытайдан. Кытай ушул чакта жасалма интеллект жана робот техникасы жагынан лидер. Дүйнөлүк рыноктордо катаал экономикалык күрөш жүрүп жатат, АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу чегине чейин жетти. Тышкы саясий аренада Кытайдын ролу байкаларлык өстү: биз Борбордук Азияда, Кытай, БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсүнөн, Афганистанды жөнгө салууга жана жараштырууга олуттуу салым кошот деп күтүп жатабыз. Албетте «Бир тилке, бир жол» долбоору маңызы жана руху боюнча новатордук, максаты боюнча пайдалуу жана жогорку натыйжалуу гана болбостон, ал бүгүнкү күндө ага кирген 50дөн ашык өлкөгө өнүгүүнүн бардык багыттарында өз өлкөсүнүн горизонтторун толук ачып көрсөтүүгө мүмкүндүк берип жатат.


Биз бул китепти 2015-жылы которуп баштаганбыз. Б.Каламбекова ишке ашырган котормонун сапаты бул зор китептин манызын биздин кыргыз окурмандарына жогорку денгеелде жеткизе алды деп ишенебиз. Китеп басууга даяр болчу, бирок кыргыз тарапка байланышпаган кырдаалдардан улам аны жарыялоо көпкө узарып кетти. Эми мына ал 2019-жылы гана жарыкка чыкты. ШКУнун Бишкектеги саммитин күтүп жаткандай болуп калды(!). 2015-жылы биздин Фонд Ден Жундун (Маомао) «Менин атам Ден Сяопин» китебин кыргыз тилине которгон, ал эл арасында өтө популярдуу болуп, бизге Кытайдын өнүгүшүнүн татаал жылдары жөнүндө, улуу реформатордун инсаны жөнүндө маалымат берет. Түз эле айтуу керек, азыр бизде кыргыз тилинде азыркы Кытай жөнүндө китептер жана фильмдер өтө аз, таптакыр эле аз!


Төрага Синин бул китебинин мазмуну 2014-жыл менен аяктайт. Ал учурдан бери Кытайда, ошондой эле дүйнөдө көптөгөн маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. 2018-жылы ККПнын 19-тарыхый съездинде адамзаттын бирдиктүү тагдырынын коомчулугун түзүүгө карата багыт жарыяланды. Мадрид клубунун алкагында бизде Кытайдын лидери менен ар бир жылы жолугуп, озунун оозунан олкодогу эң маанилүү орчундуу маселелер боюнча маалымат алганга мүмкүнчүлүк бар. Клубдун мүчөсү катары менин жыл сайын декабрда ушул жолугушууларга катышууга сый жана артыкчылыгым бар.


Бирок биздин коомчулука, элге коңшуларыбыздын турмушу жөнүндө маалыматтар, китептер, журналдар, фильмдер ото жетишиксиз.


Торага Си Цзинпиндин китебинин экинчи томун биз чыдамсыздык менен күтөбүз!