Кыргызстанда быйыл 100дөн ашык «Жайлоо өнүгүү борборлору» иштейт

May 30, 2019, 06:00

Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи“ санаториясында 2019-жылдын 28-29-майында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борболору” долбоорунун алкагында “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана альтернативдүү моделдери” аттуу республикалык конференция өттү.


Иш-чарага КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, Кыргызстандын жети дубанынын “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” жетекчилери, тарбиячылары, аймактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациялардын, областтык методикалык билим берүү борборлорунун, бала бакчалардын жетекчилери, Кыргыз билим берүү академиясынын, Ага Хан Фондунун, “Кыргыз жайыты” Кыргызстан жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын, КЭМП Ала-Тоо коомдук фондунун, Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун, Аскар Салымбековдун “Прогрессивдүү идеялар”фондунун өкүлдөрү, билим берүү тармагындагы эксперттер болуп, жалпысынан 200 ашык адам катышты.


Иш-чараны КР экс-Президенти Роза Отунбаева ачып, баланы өстүрүүдө биринчи 1000 күндүгү өтө маанилүү экендигин, ал эми балдардын буту басып, курсагы тойсо болду деген өтө эле туура эместигин, Кыргызстанда 800 миң бала, алардын ар бир үчүнчүсү жакырчылыкта жашап келе жаткандыгын айтып, элибиздин санына эмес, алардын ден соолугуна кам көрүү маанилүү жана балдарга эрте жашынан тарбия берүү, аларга жаңы технологиянын заманында маалыматка байытуу керектигин баса белгиледи.


Алгач, “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун координатору Арстан Сагынтай уулу “ЖӨБ” ишмердүүлүгү, өзгөчөлүктөрү, ийгиликтери, кемчиликтери боюнча аналитикалык маалымат берди: - 2014-жылы Фонд “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору” долбоорун демилгелеген. Беш жылдын ичинде тоолуу райондордо жашаган малчылардын 9100дөн ашык балдарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн. 2014-жылы республиканын региондорунда – 35, 2015-жылы - 87, 2016-жылы – 117, 2017-жылы – 98, 2018-жылы – 102 Жайлоо өнүгүү борборлору ачылган, быйылкы 2019-жылга 100 ашык борболорун ачуу пландалууда. Бирок, албетте санын көбөйтүү максат эмес, окутуунун сапатын жакшыртуу, маанисин арттыруу, ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу негизги максат болуп эсептелет.


Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов “Балдардын когнитивдик жана психосоциалдык (кем) өнүгүшү. Биздин балдарыбыз келечектүү эмгек рыногунда” темасында лекция окуп, жакырчылык балдардын өнүгүүсүнө аябай терс таасир этээрин белгиледи.


“Жакыр үй-бүлөдө жашаган балдарда жакырчылык бир көйгөй болсо, экинчиси ошол жакырчылыктан келип чыккан көйгөйлөр. Жакыр үй-бүлөдөгү балдарга көңүл бурулбайт, ата-энеси иштейт, жокчулуктан көңүлү да жок болуп, балдарына китеп окуп беришпейт, оюнчуктары да аз болот. Мунун баары баланын когнитивдик өсүүсүнө терс таасир этет. Албетте, чечүү жолдору да бар, ата-эненин мээрими, мамлекеттин, коомчулуктун колдоосу”, - дейт А.Токтомаметов.


“Жакырчылыкты чагылдырууда ММК ролу. Баланы комплекстүү өнүктүрүү” темасында Азаттык радиосунун журналисти Бактыгүл Чыныбаева өзүнүн тажрыйбасында, кызы Зейнептин өнүгүү процесси, туура тамактануусу, билим алуусу, кызыгуусу, таланты тууралуу маалымат берди.


Кара-Кулжа районунун Мады айылынан келген Жунус Исмаилов өзүнүн жайыт комитети катары эле эмес, бала бакчанын уюштуруучусу катары жеке татжрыйбалары менен бөлүшүп, үй бүлөдөгү зордук-зомбулукту алдын –алуу керек экендигин белгилеп, төмөндөгүдөй учурга токтолду: Жайлоодо бир жолу маңдайымдан тестиер кыз чыкты, ал шолоктоп ыйлап келе жатыптыр. Эмне болгондугун сурасам, мен кокустан термосту сындырып алдым, эми мени жеңем үйгө барсам урушат, деди. Мен көпкө ойлонбостон, анын колунан жетелеп, сынган термосту өзүм колума көтөрүп алып, үйүнө бардым, да кыздын жеңеси менен учурашкан соң, термосту сунуп, анын колуна термос тийе электе эле, таштап жибердим. Ай, келин бала, бекем кармабайт белең, дедим, да кызды куткарып кеттим.”


“Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу аркылуу ынтымакты бекемдөө” темасында “Жайыт колдонуучуларды жана жайытты учур талабына ылайык өнүктүрүүдө “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” орду, “Кыргызстанда жайытты жана жайыт колдонуучуларды өнүктүрүү перспективалары”, “Балдар китептери аркылуу Жаратылышты коргоого тарбиялоо жана туура пайдалануу”, “Жайыт ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу аркылуу ынтымакты бекемдөө. Жайлоо шартында инновациялык технологиялар” темаларында лекциялар окулду.


Ошондой эле конференциянын тыныгуу учурларында акындар Олжобай Шакир менен Алтынбек Исмаилов чыгармаларынан көркөм окуп берип турушту.


Жаңы технологияларды колдонуунун тенденциялары жана мааниси темасында да презентациялар: “Энергияны жана ресурстарды үнөмдүү пайдалануу жолдору жана KyrSEFF программасынын каржы мүмкүнчүлүгү. Жайлоо шартында инновациялык технологияларды колдонуу”, “Саламат жашоо таалим-тарбия программалары”, “Жайлоо шартында алгачкы жардам көрсөтүү, аптечкасын колдонуу. Алгачкы жардам - мобилдик тиркеме” темаларында тиешелүү уюмдардын адистеринин презентациялары катышуучулардын терең кызыгуусуна ээ болду жана практикалык мааниси бар экендигине сүйүнүштү.


“Үй бүлөдөгү ата-эненин баланы тарбиялоодогу ролу” тууралуу тогуз баланын атасы (9 баланын алтоосу Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиондору) Съездбек Таштекеев өз мисалында лекция окуп берип, балдарды тарбиялоодо акча шылтоо эместигин айтып буларга токтолду: - Мен учурунда мамлекеттик кызматта иштеп жүрдүм, ал жактын айлык акысын билесиздер. Балдарыма көп көңүл бөлө албай калчумун. Кийин жумуштан чыгып, балдарыма деген убактымды, мээримимди, изденүүнү аяган жокмун. Баланы туура тарбиялоодо эң негизгиси убакытты туура бөлүштүрүү, балага болгон сүйүүнү ар дайым белгилеп туруу менен баарлашуу өзгөчө маанилүү.


Конференцияда Азиянын үч жолку чемпиону Айжан Сьездбекова, Руслан, Алмаз Сьездбековдор бир убакта бир нече адам менен шахмат ойношуп, мастер класстарды көрсөтүп жатышты жана албетте, бардыгын утуп алып жатышты.


Ошондой эле телефон аркылуу электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү, социалдык тармактар, жайлоо шартында алгачкы жардам көрсөтүү, аптечка колдонуу, алгачкы жардам - мобилдик тиркеме жана кыргыздын улуттук оюндары боюнча да мастер-класстар өткөрүлүп, кечкисин “Дарак ыры” тасмасы көрсөтүлүп, этегинде тасманын режиссеру Айбек жана продюссери Толкун Дайырбековдор менен жолугушуу суроо-жооптор менен, көрүүчүлөрдүн овациясы менен аяктады.


Катышуучуларга “Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашаган балдарды жана ата-энелерди жайлоо өнүгүү борборлорунун шартында өнүктүрүү” темасында тренинг өткөрүлүп, төрт секцияга бөлүнүп иш алып барышты.


Тренингден катышуучулар мектепке чейинки жаштагы балдарды жалпы өнүктүрүүчү программасынын негизинде сабактарды окутуп-үйрөтүүнү, “ЖӨБ” уюштуруу жана пландаштыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтишти. Ата-энелер жана тарбиячылардын, волонтерлордун ортосунда кызматташуунун маанилүүлүгү, аларды бала бакчанын ишине жигердүү катышууга тартуу билгичтиктерине ээ болушту. Баса белгилей кетсек, 2019-жылы жаңы технологияларга жана математикага басым жасалып, тарбиячылар жаңы окуу материалдар менен таанышышты.


Биринчи секцияда Түркиядан алынган тажрыйбаларды Жайлоо өнүгүү борборлорунда колдонуу жана мастер-класстардын түрлөрү көрсөтүлдү.

Экинчи секцияда балдарды ар тараптуу өнүктүрүүдө кызматташтык, Soft Skills – Жумшак көндүмдөрдүн маанилүүлүгү;

Үчүнчү секцияда жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ынтымакты бекемдөө багытында жайлоо шартында балдар жана ата-энелер менен иш алып баруу;

Төртүнчү секция оюндун түрлөрү аркылуу балдарды өнүктүрүү, чыгармачылыкка шыктандыруу боюнча иштер аткарылып жатты.


Конференциянын катышуучусу Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы “Жайлоо өнүгүү борборунун” жетекчиси Үпөл Исакова беш жылдан бери “ЖӨБ” жай айларында уюштуруп келет, жыл сайын конференцияга келип катышып, окутуунун жаңы методдору менен таанышып, жыл сайын 25тен ашуун баланы тарбиялап келет.


“Жайлоодогу малчылардын балдары жай айларында бош жүрүшпөсүн, кандайдыр бир жөндөмүн улантып кетели деген максатта иштейбиз. Конференцияда ар тараптуу презентациялардан көптөгөн маалымат алдык. Бизге Жайыт комитеттери жакшы жардам бербей келчү, бүгүн алардын милдеттери менен да тааныштык”, - дейт Ү.Исакова.


Базар-Коргон райондук Билим берүү бөлүмүнүн адиси Нургул Нуралиева айылдын балдарына жай мезгилинде өзүнүн үйүндө өнүгүү борборун ачаарын айтып буларга токтолду: - Конференцияга келген сайын идея пайда болот, өзүм финансылык сабаттуулук боюнча тренермин, быйыл менталдык арифметика боюнча ийрим киргизели деп жатабыз. Биздин райондо эки “ЖӨБ” иштеп келет, быйыл үчүнчүсүн ачалы деген план бар. Анткени биздин айыл өтө чоң, жайкысын балдар көчөдө көп жүрүп калышат.


Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөрдү.