«Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында республикалык конференция өтөт

May 27, 2019, 06:00

Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи“ санаториясында 2019-жылдын 28-29-майында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борболору” долбоорунун алкагында “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана альтернативдүү моделдери” аттуу республикалык конференция өтөт. Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөзөт.


Иш-чарага КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, Кыргызстандын жети дубанынын “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” жетекчилери, тарбиячылары, аймактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациялардын, областтык методикалык билим берүү борборлорунун, бала бакчалардын жетекчилери, Кыргыз билим берүү академиясынын, Ага Хан Фондунун, “Кыргыз жайыты” Кыргызстан жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын, КЕМП Ала-Тоо коомдук фондунун, Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун, Аскар Салымбековдун фондунун өкүлдөрү, билим берүү тармагындагы эксперттер болуп, жалпысынан 200 ашык адам катышат.


Конференциянын биринчи күнүндө алгач “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун ишмердүүлүгү, өзгөчөлүктөрү, ийгиликтери, кемчиликтери боюнча аналитика берилет. Андан соң “Балдардын когнитивдик жана психосоциалдык (кем) өнүгүшү. Биздин балдарыбыз келечектүү эмгек рыногунда”, “Жакырчылыкты чагылдырууда ММК ролу. Баланы комплекстүү өнүктүрүү” темасында презентациялар болот.


“Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу аркылуу ынтымакты бекемдөө” темасында “Жайыт колдонуучуларды жана жайытты учур талабына ылайык өнүктүрүүдө “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” орду, “Кыргызстанда жайытты жана жайыт колдонуучуларды өнүктүрүү перспективалары”, “Балдар китептери аркылуу Жаратылышты коргоого тарбиялоо жана туура пайдалануу”, “Жайыт ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу аркылуу ынтымакты бекемдөө. Жайлоо шартында инновациялык технологиялар” темаларында лекциялар окулат.


Ошондой эле конференциянын тыныгуу учурларында акындар Олжобай Шакир менен Алтынбек Исмаилов чыгармаларынан көркөм окуп берип турушат.


Жаңы технологияларды колдонуунун тенденциялары жана мааниси темасында да презентациялар: “Энергияны жана ресурстарды үнөмдүү пайдалануу жолдору жана KyrSEFF программасынын каржы мүмкүнчүлүгү. Жайлоо шартында инновациялык технологияларды колдонуу”, “Саламат жашоо таалим-тарбия программалары”, “Жайлоо шартында алгачкы жардам көрсөтүү, аптечка колдонуу. Алгачкы жардам - мобилдик тиркеме”, “Үй бүлөдөгү ата-эненин баланы тарбиялоодогу ролу” тууралуу Съездбек Таштекеев өз мисалында лекция окуп бермекчи.


Конференцияда Азиянын үч жолку чемпиону Айжан Сьездбекова, Руслан Сьездбековдор бир убакта бир нече адам менен шахмат ойношот жана телефон аркылуу электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү, социалдык тармактар, жайлоо шартында алгачкы жардам көрсөтүү, аптечка колдонуу, алгачкы жардам - мобилдик тиркеме жана кыргыздын улуттук оюндары боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.


Катышуучуларга “Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашаган балдарды жана ата-энелерди жайлоо өнүгүү борборлорунун шартында өнүктүрүү” темасында тренинг өткөрүлөт, төрт секцияга бөлүнүп иш алып барышат.


Тренингден катышуучулар жайлоодогу балдар бакчасынын мааниси, аны уюштуруу жолдору боюнча түшүнүк, мектепке чейинки жаштагы балдарды жалпы өнүктүрүүчү программасынын негизинде сабактарды окутуп-үйрөтүү, пландаштыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтишет. Ата-энелер жана тарбиячылардын, волонтерлордун ортосунда кызматташуунун маанилүүлүгү, аларды бала бакчанын ишине жигердүү катышууга тартуу билгичтиктерине ээ болушат. Жайлоо шартында өтүлүүчү сабактардын сапатын жогорулатуучу ыкмалары менен таанышышат. Баса белгилей кетсек, 2019-жылы жаңы технологияларга жана математикага басым жасалат жана тарбиячыларга жаңы окуу материалдар тааныштырылат.


Биринчи секцияда Түркиядан алынган тажрыйбаларды Жайлоо өнүгүү борборлорунда колдонуу жана мастер-класстардын түрлөрү көрсөтүлөт.

Экинчи секцияда балдарды ар тараптуу өнүктүрүүдө кызматташтык, Soft Skills – Жумшак көндүмдөрдүн маанилүүлүгү;

Үчүнчү секцияда жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ынтымакты бекемдөө багытында жайлоо шартында балдар жана ата-энелер менен иш алып баруу;

Төртүнчү секция оюндун түрлөрү аркылуу балдарды өнүктүрүү, чыгармачылыкка шыктандыруу боюнча иш алынып барылат.


Конференциянын экинчи күнүндө секциялык талкууларда жайлоо бала өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча төмөндөгүдөй кичи топтор иштейт:

• Жайлоо өнүгүү борборлорунун ишиндеги ийгиликтүү жагын жана кемчилигин талдоо, тажрыйбаларды талкуулоо;

• Алдыңкы тажрыйбаларды кантип жана кандай ресурстар, каражаттар аркылуу колдонуп жайылтса болот;

• ЖӨБ ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун камсыз кылуу.


Маалымат үчүн: 2014-жылы Фонд “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору” долбоорун демилгелеген. Төрт жылдын ичинде тоолуу райондордо жашаган малчылардын 9100дөн ашык балдарын ара тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. 2014-жылы республиканын региондорунда – 35, 2015-жылы - 87, 2016-жылы – 117, 2017-жылы – 98, 2018-жылы – 102 Жайлоо өнүгүү борборлору ачылды, быйылкы 2019-жылга 100 ашык борболорун ачуу пландалууда.