«Жибек жолу» көргөзмөсүнүн расмий жабылуу иш чарасы өттү

April 26, 2019, 06:00

2019-жылдын 26-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинде ушул жылдын 5-апрелинен бери жүрүп жаткан “Жибек жолу” интерактивдүү Көргөзмөсүнүн расмий жабылуусуна арналган иш чара болуп өттү.


Иш чара “Кыргызстандын музейлери мезгил менен кадамдаш баратабы?” аталышындагы диалог –баарлашуу менен башталды. Талкууга КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Маданият, Маалымат жана Туризм Министри А.К.Жаманкулов, КР Маданият, Маалымат жана Туризм Министринин орун басары, аталган министрликке караштуу туризм департаментинин директору Дамир уулу Максат, Улуттук тарых музейинин директору К.М.Алмакүчүков, Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинин директору Ю.А. Шыгаев жана окумуштуулар, искусство таануучулар, музей жетекчилери, кызматкерлери жана журналисттер катышты.


Диалог учурунда: “Музейлер – шаардын , өлкөнүн визиттк карточкасы катары”, “Музей –билим берүүнүн курамдык жана ажырагыс бөлүгү”, “Музейлер – коомдун мультимаданий материясынын күзгүсү, тарбиялоонун күчтүү куралы катары”, “Музей ишине чечкиндүү реформа талап кылынат: жаңы парадигмаларды жана ыкмаларды, интерактивдерди, заманбап техникалык каражаттарды колдонуу” ж.б. маселелер катышуучулар тарабынан өтө кызуу талкууга алынды.


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын музейлеринин балдарга билим берүү, тарбиялоо жана өлкөнү таанытуудагы пассивдүүлүгү белгиленип, алардын өз ишмердиктеринде заманбап техникалык каражаттарды, ыкмаларды жана интерактивдерди колдонбой жатканына байланышкан маселелер ортого салынды. Ошондой эле музейдин ишмердиктери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамын кайрадан кароо зарыл экендиги жана чет элдик алдыңкы тажырыйбаларды колдонуу боюнча бир канча сунуштар айтылды.


Р.И.Отунбаева өзүнүн корутунду сөзүндө музейлер тегерегиндеги маселени курч койду. Ал музейлер өлкөнүн, аймактын жүзү экенин белгилеп, Кыргызстандын музейлеринин көбү бүгүн толук кандуу иштебей жатканын, ал эми айрым областтык борборлордо музейлердин таптакыр жоктугуна токтолду. ““Жибек жолу” көргөзмөсүн уюштуруу менен мындай иш чаралар адамдардагы муктаждыкты, каалоону жаратсын деген максатты койдук. Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт музейинин тарыхында мынчалык көп көрүүчү келген эмес. Музей-бул тарых, маданият, бул жерде көп улуттуу элибиздие духу турат. Эгер маданиятыбыз болбосо биз жөн эле бир территория жана ошол территорияда жашаган эл гана болуп калабыз”- деди Р.И. Отунбаева. Мындай көйгөлүү маселелерди көтөрүү менен Р.Отунбаева музей жетекчилерин бул маселенин тегерегинде диалог-талкууларды дагы уюштурууга чакырды.


Белгилей кетсек, Көргөзмө иштеп турган 20 күндун ичинде 14000 көрүүчү келип катышып кеткен. Алар Бишкек шаарынын 100дөн ашуун мектептеринин окуучулары, жаштар, ата-энелер, мугалимдер, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынан да атайын көргөнү келгендер болуп саналат. Көргөзмөдө 15 мамлекеттин тарыхы, маданияты, географиясы жана экономикасы тууралуу таанып билүүчүлүк маалыматтардан тышкары балдар үчүн 100дөн ашуун ар кандай тематикадагы мастер-класстар өткөрүлдү, интерактивдүү оюндар тартууланды.


Ю.А. Шыгаев “Жибек жолу” интерактивдүү көргөзмөсү көрүүчүлөрдү өзүнө тартуу боюнча музейдин тарыхында рекорд койгонун белгиледи.


Көргөзмөнүн расмий жабылуусуна арналган иш чара андан ары Кинозалда уюштурулган концерт жана өнөктөштөргө ыраазылык каттарды тапшыруу менен улантылды. Бул салтанатка КР вице-премьер Министри А.Өмүрбекова жана элчилер да келип катышышты.


Ал эми Көргөзмө күндөгүдөй эле өз ишин уланта берди. Фойеде балдар үчүн сүрөт тартуу, пазлдарды чогултуу, сүрөттөрдү боё ж.б. багыттарда мастер-класстар өткөрүлдү. 28-апрелде, жекшемби күнү Көргөзмө өз ишин аяктайт.