Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары

February 13, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 6-7 февралында «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Д.Ш., долбоордун координатору Маражаббай к. А., "Аскар Салымбековдун Фонду" коомдук фондунун башкы директору Жумадилов А.Ж. жана аткаруучу директору Жумадилов Э.Ж. Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары (МКТ), инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышып келишти. Сапардын максаты - МКТ боюнча алдынкы тажрыйбаларды таануу жана КР айрым моделдерин түзүү мүмкүнчүлүгүн бизнес чөйрөгө сунуштоо.


Сапардын алкагында биринчи күнү IDeA (Initiatives for Development of Armenia ) фондунун тажрыйбасы менен таанышуу, пикир алмашуу жана эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары талкууланды. Фонддун негизги максаты - жергиликтүү калкты жана эл аралык топторду камтып олуттуу оң коомдук-экономикалык таасир бере турган жана армяндарды глобалдык эл катары өз ордун бекемдөөгө узак мөөнөттүү программаларды ишке ашыруу болуп саналат.


IDeA фонду түзгөн, бирок азыркы учурда өз алдынча иш алып барган FAST (Foundation for Armenian Science and Technology) фонду менен кенен кездешүү болуп өтүп, Арменияда жана өлкөнүн сыртында илимий өнүгүүнү, жетишкендиктерди алдыга жылдыруу үчүн жагымдуу экосистеманы түзүү жаатындагы жасалып жаткан иштер тууралуу жана азыркы замандын талабына керектелген көндүмдөр, билим берүүдөгү көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп талкууга алынды.


Ушул эле күнү мектепке чейинки мекемелерден, башталгыч, орто жана жогорку мектептерден турган "Мхитар Себастаци» окуу комплексинин директору, кызматкерлери жана окуучулары менен кездешүү болуп өттү. Кездешүүнүн жүрүшүндө сапардын катышуучуларына мектептерге экскурсия жасалып, кенен маалымат берилип, окуу процессин чагылдырган практикалык иш чаралар көрсөтүлдү. Окуу комплексинен кийин жумасына он миңден ашуун 12 – 18 жашка чейинки өспүрүмдөр автордук программанын негизинде билим алган TUMO креативдүү технологиялар борбору менен таанышуу жана пайдалуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү болду.


Биринчи күндүн жыйынтыктоочу кездешүүсү «Антарес» холдингинин «АЙ ГИРК» китеп дүкөнүндө орун алды. Дүкөндө башка дүкөндөрдөн айырмаланып китептер армян тилинде гана окурмандардын китепке кызыгуусун арттыруу максатында ар кандай иллюстрацияларга жана мобилдик технологияларга басым жасалып чыгарылат экен.


Сапардын экинчи күнү 21-кылымдын армян мектебинин үлгүлүү модели болуу максатын койгон «АЙБ» мектебинин иш-аракеттерин таанышуу менен башталды. Окуучулардын саны төрт жүзгө жакын мектептин табигый илимдер боюнча сабактардын кандай өтөөрү, окуучуларга түзүлгөн шарттар жана берилген мүмкүнчүлүктөр сапардын катышуучулары тарабынан жогорку деңгээлде белгиленди.


Кийинки кездешүү болжол менен сексен мамлекеттен ашуун эки жүзгө жакын студент билим алган UWC Dilijan мектебинде орун алды. Сапардын катышуучулары мектептин жашылдандырылган имараттарын, көрктөндүрүлгөн окуу корпустарын, ФИФА эл аралык футбол федерациясынын талаптарына ылайык салынган спорттук талаасын көрүп таң калышты.


Акыркы болуп Армениянын Дилижан аймагында жайгашкан мамлекеттин ичиндеги ресурстардын жардамы менен жергиликтүү жамааттарды (айыл тургундарды) өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган COAF (Children of Armenia Found) SMART борборунун иши менен таанышуу болду. Аталган борбор робототехника лабораториясынан, көркөм студиясынан, тасма көрүү залынан, ачык китепканадан, техникалык бөлмөдөн, медициналык борбордон жана башка окуу бөлмөлөрдөн, ачык мейкиндиктерден турат. Ошондой эле борбордо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга бардык шарттар түзүлгөн.


Сапардын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан аналитикалык макала жазуу, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу, жайкы тематикалык лагерлерге катышуу (мисалы, TUMO, UWC Dilijan), миграция багытында тажрыйба алмашуу, китеп чыгаруу идеяларын пайдалануу, таанышкан мекемелер менен тыгыз байланышта болуу жана КР айрым моделдерин түзүү боюнча бизнес чөйрө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.


Армениядагы сапарды мазмундуу уюштуруп бергендиги үчүн армениялык IDeA фондуна жана жол чыгымдарынын каржылоосун колдоо көрсөткөндүгү үчүн "Аскар Салымбековдун Фонду" коомдук фондуна «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду ыраазылык билдирет.