Роза Отунбаева: БУУдагы бийик жолугушууларда акылың төгүлүп, харизмаң көрүнүп турганы жакшы
September 25, 2018, 06:00Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йоркко барды. Жээнбеков сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен да жолуга турганын президенттин расмий сайты жарыялады.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери анын президенттери БУУда бир нече ирет сөз сүйлөп, баяндама жасаган. Би-Би-Си аталган дүйнөлүк башкы уюмда бир нече ирет сөз сүйлөгөн Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага кайрылып, БУУда сөз сүйлөөнүн кайсыл жагы маанилүү экенин сурады.
Р. Отунбаева: БУУга 190 чамалуу мамлекет мүчө болуп саналат. Ушул өлкөлөрдүн баары жылына бир жолу Нью-Йоркто чоң курултайга чогулат. Ал жерде күн тартиби туруктуу. Учурда дүйнөдө болуп жаткан эң эле маанилүү, курч, бүт дүйнө карап турган окуялар көңүл борборунда болот. Ушул окуялар боюнча силердин өлкөнүн көз карашы кандай деген биринчи суроо болот. Экинчиси, өзүңөрдүн кандай көйгөйлөрүңөр бар, силерди эмне кыжаалат кылып жатат деген эки маанилүү суроо коюлат.
Ошон үчүн ар бир өлкөдөн мамлекет башчысы же өкмөт башчысы, алар бара албаса тышкы иштер министрлери барып, жыл сайын улуу, ыйык трибунадан дүйнөгө өздөрүнүн көз карашын айтып берет. Мунун баары жазылып, катталып турат. Бул маалыматтарды жыл бою башка өлкөлөр карап чыгышат. Бири-бирине барып жатканда "Аа бул өлкөнүн Израиль, Палестина боюнча көз карашы мындай экен, Иран боюнча мындай экен, Түштүк, Түндүк Корея боюнча момундай экен",-деп талдап алат. Башкача айтканда, бул өлкөнүн позициясы ачык, прогрессивдүүбү, регрессивдүүбү же ортодо эле жүрөбү деп көзөмөлдөй турган маанилүү позиция.
Би-Би-Си: Сиз да убагында БУУда сөз сүйлөп, Палестина жөнүндө, Кыргызстандагы демократиялык процесстер, Ооганстан, аймактагы абал жөнүндө айттыңыз эле. Сиздин баяндамадан кийин дүйнөлүк лидерлердин, саясатчылардын же аймактагы жетекчилердин реакциясы кандай болгон?
Р. Отунбаева: Биздин республика көп учурда жеке позициябыз ушундай деп эле өзүбүз билгенди жасабайбыз. Ушундай курч маселелерде, мисалы Ооганстан, Украина болобу, биз регионалдык түрдө бирге жооп издейбиз. Мында биз мүчө болгон эл аралык уюмдар да бар. Алардын көз карашына да маанилүү басым жасалат. Биз аларды сөзсүз эске алабыз. Ушул линза аркылуу көрсөтөбүз.
1996-жылга да кайрылып калдың, ал кезде Палестина деген өлкө да жок болчу. Палестина менен Израил жөнүндө айта турган болсом, алардын ортосундагы конфликт 60 жылдан бери келе жатат. Мына ошонун баарын дүйнө жүзү бүгүнкү күнгө чейин тыкыр көзөмөлгө алып келе жатат. Курчуп кетсе сөзсүз кабатыр экенибизди билдиребиз. Андай учурда жөн эле четте карап олтура албайт экенсиң. Дүйнө, глобалдык турмуш бул бир айылдын эле турмушундай болуп калды. Айылдын четинде, борборунда эмне болуп жатат дегендей эле сөз. Ошон үчүн эч жакка качпай, бекинбей өз позициясын айтуу керек деген зарылдык турат.
Би-Би-Си: Сиз БУУнун Баш катчылыгы негиздеген Эл аралык жогорку кеңешчилер комиссиясына мүчө болдуңуз эле. Бул боюнча ишмердүүлүгүңүздөр кандай болуп жатат?
Р. Отунбаева: Дүйнөнүн тынчтыгын бекемдөө, кайсы жерде жаңжалдын оту тутанып атса ошол жерди арачалап, жакшы жыйынтыкка келүү маселелси Баш катчы Антонио Гуттериштин көңүл борборундагы маселе. Дал ушул маселеде бул адамга күч жана экспертиза керек. Ошондон улам медиация группасы деп түзгөн. Буга бир жылдан ашып калды. Сөз болуп жаткан топко он сегиз адам кирген. Бул топто менден сырткары Финляндия, Чили, Нигерия сыяктуу бир катар мамлекеттердин мурдагы президенттери, согуш жана тынчтык маселесинде иш алып барган эң күчтүү, өтө дасыккан эксперттер, лидерлер бар. Бул топ дүйнөдөгү эң талылуу, курч маселелер боюнча Нью-Йоркто, Финляндияда эки жолу жолугуп сүйлөштүк. Анда Мьянмар, Израил, Палестина сыяктуу маселелер башкы тема болду. Андан сырткары Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын ортосундагы сүйлөшүүлөр боюнча талкуулап, эксперттер пикирлерин айтты. Учурда БУУ ар бирибиздин экспертизабызды алып, кайсы жерде зарыл болсо пайдаланат.
Би-Би-Си: Кыргызстан эгемендикке жеткенден тарта БУУда бир канча ирет сөз сүйлөдү деп калдык. Ушул жылдар аралыгында Кыргызстандын кандай сунуштары БУУнун деңгээлинде колдоо тапты?
Р. Отунбаева: Бул абдан маанилүү трибуна. Кыргызстандын мамлекет катары алгачкы кадамдарын ошол жерде колдоп беришти. "Манас эпосунун 1000 жылдыгы" баштаган Кыргызстандын бир топ чоң мааракелерин "жаңыдан бутуна туруп аткан мамлекет, буларга дух бере турган абдан маанилүү даталар экен" деп колдоп беришкен. Ошондуктан Генералдык Ассамблея башка мамлекеттер да аткарсын деп чыгарган резолюцияларынын баасы бийик.
Быйыл биздин президент БУУда абдан олуттуу маселени көтөрө турганын медиа каражаттары аркылуу билип атабыз. Тагырак айтканда, президент Фергана өрөнүндөгү уран калдыктарынан арылуу, аларды зыянсыздандыруу маселесин көтөрөт экен. Бизге эл аралык жардам керек. Бул көйгөйдү чейрек кылымдан бери чече албай келе жатабыз. Трибунада көйгөйдү айтып коюу эле дайыма жыйынтык бере бербейт. Мисалы, Арал деңизи тууралуу канча жолу маселе көтөрүлуп, канча жолу айтылды? Тилекке каршы жардам да жетишсиз, башка өлкөлөрдүн да көңүлү бурулбай жатат. Муну баары чакырык менен токтоп калбай, дагы тынымсыз иштерди алып баруу керек экендигин далили. Тиешелүү уюмдар менен тыгыз иштеп, аягына чыгаруу керек. Бактыбызга жараша негизги донор өлкөлөрдө элчиликтерибиз бар. Ушулар бир муштумдай иштеши зарыл.
Би-Би-Си: Сиз, 2010-жылдан кийин БУУнун трибунасында сүйлөп, кайрылуу жасаганыңызда кыргызстандыктар абдан сыймыктанды эле. Эми ушул окуянын адамдык өңүтүнө да кайрыла кетсек. Дүйнөлүк лидерлер, эң абройлуу адамдар чогулган жерде баяндама жасоонун алдында толкундоо, эргүү же балким маселе кандай болуп кетет деген адамдык сезимдер болcо керек?
Р. Отунбаева: Абдыбек, ушуну башка кырынан айтып бербейминби. Ошол жердеги аянтча, ошол 3-4 күн өз өлкөң үчүн абдан маанилүү. Ал жерге 190 мамлекеттин президенттери, канчалаган өкмөт башчылар келет. Нью-Йорк да абдан кыйналат. АКШ президенти Вашингтондон келгенде Нью-Йорктун көчөлөрүндө кыймыл кайсы бир деңгээлде токтоп калгандай эле болот. Себеби президенттин коопсуздугу алар үчүн өтө маанилүү. Бирок биз ошол аптаны колдон келишинче туура пайдаланып калууга аракет кылабыз. Кеминде эле жыйырма чакты жолугушуу өтөт.
Бул сапар да биздин президент үчүн абдан маанилүү, абдан баалуу деп ойлойм. Анткени жаңы президент. Ошол жердеги көптөгөн мамлекет башчылар менен жолугуп, таанышып, пикир алышып көп маселени чечип алууга боло турган. Демек бул жума бүт дүйнө үчүн зор мааниге ээ. Ар бир жолугушууга даярдануу керек. Балким, ал мамлекеттин экономикалык же саясий тарабын жакшы билбешиң мүмкүн. Биринчи жолу жолугушуп аткан соң ал кишини да тааныбайсың дегендей. Мына ошондой жерде жөндөмүң, харизмаң, акылың төгүлүп турганы зор роль ойнойт. Себеби сүйлөшүп аткан адам да иш боюнча сүйлөп жатасыңбы же үстүртөнбү, баарын сезип тураары бышык. Жолугушуулар тез-тез өткөнү менен баарын кылдат ойлонуп, көп маселелерди чечип алууга ар бир жооптуу адам аракет жумшайт.