Мектепке чейинки мекемелердин методисттери жана тарбиячылары үчүн «Балдардын ишмердигинин бардык түрлөрү аркылуу экологиялык тарбиялоо» тренинги өттү

September 26, 2018, 06:00

Өсүп келаткан муунду тарбиялоодо мектепке чейинки мекеменин тарбиячысы өзгөчө роль ойнойт. Балдарыбыздын келечеги анын көз карашына, маалыматты берип, балдарды шыктандыра алышына, эмгекке үйрөтө билишине байланыштуу.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Методикалык кеңеши «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору менен өнөктөштүктө 2018-2019-окуу жылынын аралыгында методисттер, директорлор жана тарбиячылар үчүн тренинг-семинарлардын циклин өткөрүүнү пландаштырды.

 

Бүгүн, 26-сентябрда, «Мектепке чейинки курактагы балдарды экологиялык тарбиялоо боюнча ишти келечектүү пландаштыруу жана балдар бакчасындагы эко долбоорлор» темасына биринчи семинар өттү.

 

Шаардык семинарга – Ак Босого турак-жай конушунда жайгашкан №2 МБУда өткөн тренингге 60тан ашык методист жана тарбиячы катышты.

 

Бул семинардын негизги максаты чыгармачыл ыкма жана мектепке чейинки курактагы балдарды экологиялык тарбиялоо боюнча ишти келечектүү пландаштыруу жана педагогикалык долбоорлорду түзүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү болду.

 

Машыктыруучунун милдети катышуучулар даяр материалдарды алышында эмес, берилген материал менен эксперимент жүргүзүү, алардын балдар менен иштешинин көз карашын калыптандыруу, мында адаттагыдай жана адаттагыдан башкача методдорду жана иштин формаларын колдонуу, балдардын экологиялык маданиятын калыптандырууда алардын чыгармачылыгын өнүктүрүү болду.

 

Тренингди өткөрүүнүн форматы деп «педагогикалык клуб» интерактивдүү методу тандалды, анда көптөгөн жаңы жана кызыктуу маалыматтар алынды, жигердүү тажрыйба алмашуу жүрдү, педагогдор балдар менен иштөөнүн формалары жана методдору боюнча маалыматтарды, бул методдорду өркүндөтүүнүн кызыктуу идеяларын талкуулашты жана бөлүштү.

 

Тренинг семинарда ишин жаңыдан баштап жаткан педагогдон тартып тажрыйбалуу педагогго чейин ар бир катышуучунун потенциалы ачып көрсөтүлдү: балдарды эко тарбиялоо боюнча келечектүү пландын мисалы иштелип чыкты, аны иштеп чыгууга ар бир педагог катышты. Катышуучулар тренингдин жүрүшүндө иштелип чыккан материал алардын каалоосу боюнча алардын андан аркы ишинде колдонулат жана балдардын ишмердигинин бардык түрлөрүндө талап кылынат деп ыраазычылык менен белгилешти. Бул материалдар ушунусу менен баалуу. Педагогдор ошондой эле бул материал балдар менен иштөөдө мыкты көмөк болуп гана тим болбостон, ошондой эле балдар бакчаларынын жамааттарынын ичинде ушундай семинарларды өткөрүү үчүн кызыктуу негиз болуп калат деп белгилешти.

 

Презентациялардан кийин бардык тарбиячылар үчүн «Колдо болгон каражаттардан балдар үчүн кантип оюнду ойлоп табууга болот» деген мастер-класс уюштурулду, ал жерде ар бир мейман жаратылыш материалдарынан кызыктуу оюндарды түзүү боюнча өздөрүнүн чыгармачыл жөндөмдөрүн көрсөттү.

 

Дене тарбия мүнөттөрүнөн, оюндарды имитациялоодон тартып келечектүү пландарды жана эко долбоорлорду түзүүгө чейинки материалдар иштелип чыкты жана презентацияланды. Мындан тышкары, семинардын катышуучулары Финляндиянын жана Япониянын мектепке чейинки мекемелеринин ишинин тажрыйбасы менен таанышты.

 

Жазылган үн кошуулар боюнча, тренингдин форматы, материалдын берилген топтому, кесиптештердин тажрыйбасы бардыгына жакты. Тренингдин материалынын жыйнагын чыгаруу ниети айтылды, анткени бул материал мектепке чейинки билим берүүнүн практиктери үчүн өзгөчө кызыкчылыкты билдирет. Тренинг семинардын катышуучулары баарлашуу жана чыгармачыл иш процессинде алар алган зор шыктанууну белгиледи.

 

Тренингди «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперти Агайдарова Аэлита Ураловна өткөрдү.