Жаңы окуу жылынын алдында педагогдор «Климаттык кутучанын мектептер үчүн натыйжалуулугун» талкуулады

August 28, 2018, 06:00

Азыркы коом дайыма үзгүлтүксүз өнүгүү жана өзгөрүү жолунда турат. Мындай коомдо билим берүү тутуму да коом, ата-энелер жана балдар тарабынан суроо-талаптарга шайкеш келүү үчүн өзгөрүп жана өркүндөп турууга тийиш. 2-11 класстардын окуучуларына арналган «Климаттык кутуча» окуу-оюн материалдарынын комплекти азыркы учурдун жана билим берүү тутумунун маселелерине жооп берген ушундай ыкмалардын бири болуп калды.

 

Жаңы окуу жылынын алдында Бишкек шаарынын биология, химия, география жана экология боюнча 200дөн ашык мугалими борбор шаарда 28-29-августта ««Климаттык кутучаны» Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуу процессине интеграциялоо» тренингинде жолугушту, ал жерде окуу-оюн куралын пайдалануунун натыйжалуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдешти.

 

Жаңы методология тренингдин өзгөчөлүгү болуп калды, мында Бишкек шаарындагы жана КР региондорундагы пилоттук мектептердин табигый илимдер мугалимдери ушул окуу куралын өз мектептеринде колдонуунун ийгиликтүү тажрыйбаларын презентациялады, практикалык иштердин натыйжаларын бөлүштү, ошондой эле практикалык сабактарда машыктыруучу болушту.

 

Өз сөздөрүнүн учурунда машыктыруучулар белгилегендей, ушул окуу куралын окуу процессинде колдонуу алардын мектептеринде экологиялык иш-чараларды жана акцияларды көбөйтүүгө көмөкчү болуп, мектеп окуучуларынын экологиялык аң-сезимин жогорулатууга түрткү берди.

 

«Сабак берүүчү мугалимдерди Климаттык кутучанын материалдарын ийне-жибине чейин үйрөнүүгө жана аларды окуу процессинин мезгилинде, ошондой эле сабактан тышкаркы учурда колдонууга шыктандыруу маанилүү. Ошондо биздин өсүп келаткан муунубуз талдап, көйгөйлөрдү көрүп жана бизди курчап турган дүйнөнү сактай алат. Климаттык кутучанын «Климаттын коркунучтуу өзгөрүүлөрүн кантип четтетүү керек» деген бөлүмү боюнча бир чейректе бир жолу класстык сааттарды сөзсүз түрдө өткөрүп туруу керек», - дейт Бишкек шаарынын № 2 Аламүдүн пилоттук мектебинин мугалими.

 

Ошентип, тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Климаттык кутучаны (сүрөттөрү бар окуу куралын, оюн карточкаларын, плакаттарды жана карталарды) сабактарда жана класстан тышкаркы сабактарда натыйжалуу колдонуунун ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билип гана тим болбостон, ошондой эле 6 топтогу практикалык сабактарда экологиялык оюндар менен таанышты.

 

Мындан топто, ошондой эле жекече иштей ала турган окуучулар менен иштөөнүн интерактивдүү формаларын колдонуу окутуунун инновациялык методдорунун булактарынын бири болуп саналат деп тыянак чыгарууга болот.

 

Тренинг катышуучулар тарабынан оң пикирлерге ээ болду, алар иш-чаранын пайдалуу жана натыйжалуу экенин жана аны окуу процессинде андан ары колдонуу үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле климаттын өзгөрүшү боюнча маалыматты берүүнүн жаңы ыкмасын белгиледи: «Тренинг бизге маалыматты билүү, эстеп калуу жана кайрадан өндүрүү гана эмес, ошондой эле аны практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн берди, бул сөзсүз түрдө мектеп сабактарын үйрөнүүдө натыйжалуулукту жогорулатат жана маалыматты иштетүүгө мектеп окуучуларынын жөндөмүн өнүктүрүүгө түрткү берет».

 

Конфуций айткандай, «Мага айт, анан мен унутпайм. Мага көрсөт, анан мен эстеп калам. Мен өзүм жасап көрүшүмө мүмкүндүк бер, анан мен түшүнүп калам». Аягында тренингдин бардык катышуучулары Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгү жана жаратылышынын өзгөчөлүктөрү боюнча электрондук булактардагы таратылуучу материалдарды жана өтө пайдалуу китептерди алды.

 

Тренингди «Өнүктүрүү максатында Россия-ПРООН» Трасттык фондунун жана ПРООН-ГЭФтин «Экологиялык маалыматты башкаруунун жана мониторингинин улуттук тутумун жакшыртууну камсыз кылуу үчүн институционалдык жана укуктук потенциалды күчөтүү» долбоорунун колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте өткөрдү.

 

Педагогдордун презентациялары:

Бекжанова А.Д. - СШ № 69

Исраилова Г.С. - СШ "Олимп"

Кабылбеков З.-Данканай

Курманалиева Ж.- Ак-Терек

Матишев А.  

Насырова А.Д. - БИОМ

Рыскелдиева Э.С. - СШ № 11 Каракол

Усупова - Ак-Суу

Варкетина Н.П.

Соловьева Н.П.