Кыргызстандын элдери: Немецтер
April 16, 2018, 06:002018-жылы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»деген жалпы тема астында өтө турган VIБилим фестивалынын алдында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө баамдоолордун циклин ишке киргизебиз.
Кыргызстан –бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө, анда көп сандаган ар башка маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык ар түрдүү этностор жашайт. Бул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат.
Качандыр-бир учурда тагдыр Азиянын дал ортосуна алгачкы немецтерди алып келген
Алгачкы немец үй-бүлөлөрү Кыргызстанда XIX кылымдын башында пайда болгон. Алар Россиянын түштүк областтарынын көчүп келген жана азыркы Талас областынын аймагында немецтердин төрт айылын түптөгөн.
Кийинчерээк алар Ленинпольдеген аталыштагы бир чоң поселокко бириккен. 1882-жылы Талас областында жашаган немецтерге жер жетпей баштаган жана ошол кездеги бийликтер немецтерге Чүй өрөөнүнө көчүүгө уруксат берген, ал жерде аларга жер бөлүп беришкен. Алсак, Чүй өрөөнүндөТельман деген жаңы айыл пайда болгон, ал эми 1927-жылы Бергталь, азыркыРот Фронтпоселогу негизделген.
Этностук немецтер ар кандай тармактарда Кыргызстандын өнүгүшүнө – чарбага, маданиятка, илимге зор салым кошкон.
Көчмөн немецтер өздөрү менен бирге малдын жакшыртылганпородаларынжана үрөндөрдүн сортторун алып келген, аларды жергиликтүү шарттарга байыр алдыра алган. Алардын конуштарында татаал дыйканчылык куралдары жана айыл чарба машиналары тараган. Чарбалардын өздөрүнүн айырмаланган товардык мүнөзү болгон. Ушулардын бардыгы көчмөн немец чарбалары регионду чарбалык жактан өздөштүрүүгө кошкондугу жөнүндө айтууга мүмкүндүк берет.
Немец колонисттери билиминин жогорку деңгээли, эмгекти сүйгөндүгү, сарамжалдуулугу, өз ара жардамы жана сергектиги менен айырмаланган жана чөлкөмдүн маданий турмушунда да роль ойногон. Алардын арасында таланттуу адамдар, жогорку кесипкөйлөржана өз ишинин чеберлери болгон.
Алсак, иш жүзүндө Манас таануучулардын булагынын башында академик В. Радлов турган, ал «Манас»эпосунан үзүндүнү биринчи болуп жарыялаган (бул жарыялоонемец тилинде болгонун белгилөө керек). Кыргызстандын тарых илими үчүн классика болуп бүгүнкү күндө В. Бартольддун эмгектери саналат. Чөлкөмдү изилдөөгө А. Гумбольдттунжана К. Риттердинтүздөн-түз тиешеси бар, алар иш жүзүндөП. Семенова-Тяншанскийди жана башкаларды Тянь-Шанды изилдөөгө түрткөн. Көл кылаасын көрүнүктүү изилдөөчүлөрдүн бири Берг болгон.
Музыкалык жана эң ириде опералык көркөм өнөрдүн өнүгүшү эми В. Ференин ысмы менен ажыралгыс байланышкан, ал Власовжана Молдобасановменен катар алгачкы кыргыз операларынын, анын ичинде «Манас» эпосунун экинчи бөлүгүнүн мотивдери боюнча эң алгачкы «Айчүрөк» операсынын автору болуп калды.
Кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнүн тарыхында «Манас» эпосунун кайталангыс графикалык сүрөттөрүнүн автору ТеодорГерцендин ысмы түбөлүккө калды.
Кыргызстандын көркөм өнөрүнүн өнүгүшүнө өз алдынчалуу скульптор ЯковВеделдин, ошондой эле немец илимпоздору П. Гандын, Г. Мерцбахердин, Г. Кронгарттын салымы кыйла.
Ошентип, немец элинин өкүлдөрү кыргыз маданиятын баалап жана кабыл алып гана тим болбостон, ошондой эле анын бир бөлүгү болуп калды, анын дүйнөлүк маданиятка аралашуусуна түрткү болду.
1989-жылы Кыргызстандын аймагында 100 миңден ашык немец жашап турган жана бул этностук топ өлкөдө саны боюнча бешинчи болгон. Бирок пост-советтик эмиграциянын жүрүшүндө алардын көп бөлүгү Орто Азиядан кетип калган. Калкты каттоонун соңку маалыматтары боюнча, Кыргызстанда этностук немецтерден 10 миңден ашпаган адам калган. Кыргыздар менен бир нече мууну жанаша жашап, алардын бардыгы Кыргызстанды өзүнүн мекени деп эсептейт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Германия тыгыз байланышты үзбөйт. Немецтер Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымын кошту жана анын калкынын ажыралгыс бөлүгү болуп калды, дал ошондуктан «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2014-жылы «Кыргызстан-Германия: Кыргызстандын тарыхында жана өнүгүшүндө немец диаспорасынын ролу» деген илимий-практикалык конференцияны уюштурду, ошондой эле «Кыргызстандн тарыхындагы немецтер» этнографиялык көргөзмөсүнүн ачылышын демилгеледи, ал Бишкекте ачылып, андан соң өлкөбүздүн региондору боюнча гана турне кылбастан, ошондой эле Германияда да болду.
2014-2015-жылдары Фонд «Музыка – элдин жан-дүйнөсү»долбоорун ишке ашырды, ал көрүүчүлөргө Кыргызстандын этносторунун музыкалык маданиятынын 12 концерт-презентациясын сунуш кылды.
Бардык ушул материалдар балдар үчүн «Менин досторума мейманга»китебинин негизин түздү, анын автору мыкты жаш жазуучу, көркөм өнөрдү таануучу жана үч баланын энеси Алтын Аман болуп калды. Китептин башкы каарманы – Бекжан деген бала өз окурмандарын өзүнүн достору жана алардын үй-бүлөлөрү менен тааныштырат. Ал ошолор менен бир класста окуйт, алар менен бир үйдө жана бир короодо жашайт, спорттуксекцияларга барат. Анын достору өтө ар түрдүү жана алардын ар бири өз үй-бүлөсү жөнүндө, алардын үйүндө ырдалуучу ырлар, анын үй-бүлөсү белгилеген майрамдар жөнүндө айтып берет. Китепте жаш окурман корейже дунган, уйгур же түрк тилдериндеги сөздөрдү жаттай ала турган сөздөр бар; Кыргызстандын этносторунун бүткүл короо же класс ойной ала турган оюндары бар; Кыргызстандын этносторунун маданияты жөнүндө көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар бар, аны окуп чыгып бала алда канча бай, боорукер жана акылман болуп калат.
Китепти Фонд кыргыз тилине которду жана кыргыз тилдүү окурмандарга жеткиликтүү. Аны сатып алуу маселелери боюнча төмөнкү телефондор боюнча кайрылуу керек 0312-660382, 0552-085161, 0700-648904 Асель Джумагулова.