Парламенттик угуу болуп өттү
December 22, 2017, 06:002017-жылдын 22-декабрь күнү КР Жогорку Кеңешинин чоң жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышы тууралуу парламенттик угуу болуп өттү. Иш чарага КР ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөдөн келген диаспора жетекчилери, мекендештер жана эл аралык, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Парламенттик угуу КР Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүу, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети тарабынан уюштурулган.
Парламенттик угуу учурунда КР ЖК депутаты К.Иманалиев бүгүнку күндө миграция процессии жаңы баскычка көтөрүлгөнүн, бийликти сындап эле отуруудан аны менен конструктивдүү иштешүү этабына өткөнүн, ошондой эле мигрант бүгүн инвестор, меценантка айланганын белгиледи.
КР вице-премьер министри Ч.А.Султанбекова сырта эмгектенип жүргөн мекендештердин Кыргызстандын экономикасына кошуп жаткан салымына токтолду. Жыл сайын алар 2 млрд АКШ долларынан ашык каражатты өз өлкөсүнө которуп жатканын белгилеп, диаспоралардын ролуна токтолуу менен аталган мыйзам ушул уюм тууралуу толуктоого муктаж экендигин айтып өттү.
Мыйзамдардын аткарлышын көзөмөлдөө жагынан парламентте аксоо бар экенин депутат А.Касымалиева белгиледи. Бул иште коомчулук тарабынан да активдүүлүк, кайрылуулар болуп турса, көзөмөл жүргүзүүгө жакшы жардамын тийгизмек дейт эл өкүлү. Ал эми КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы М.Айдаралиев мыйзамдын чегинде каттоо, пенсия, «Жүк-200» маселелери боюнча өкмөт тарабынан кандай иштер аткарылып жатканына токтолуу менен сөз болуп жаткан мыйзамда мүчүлүштүктөр бар экенин да айтты. Ал «мекендеш» деген сөз эмгек мигранттарыбы же этникалык кыргыздарбы деген талаш суроону ортого таштады. Россия Федерациясынын Красноярск крайындагы диаспора жетекчиси Н.Батаева мыйзамдын айрым беренелери таптакыр иштебей турганын баса белгилеп, Кыргыз Республикасы чет өлкөлөрдү арзан жумушчу күчү менен камсыздаган өлкө бойдон качанга чейин кала берет деген маселени кабыргадан койду.
Иш чарага катышып сөз сүйлөгөн диаспора жетекчилери “Ардактуу консул” наамын ыйгаруу, мыйзамдын жакшы иштебей жатканы, “мекендеш” деген сөздү тактоо, мыйзамга “диаспора” деген түшүнүктү киргизүү тууралуу маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле аларды балдарыбызга Кыргызстан Ата Мекен болбой калды, алардын тагдыры эмне болот деген маселе да кызыктырды.
Парламенттик угууда атайын баяндама менен чыгып сүйлөгөн “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева аталган Фонддун Мекендештер менен иш алып баруудагы тажырыйбасына токтолду. 2012-жылдан бери ар бир эки жылда Форум өткөрүлүп, бул мамлекеттик бийлик менен мекендештердин көзмө-көз баарлашуусу үчүн абдан ыңгайлуу аянтча болуп келе жатканын белгиледи. Муну менен катар мекендештердин интеллектуал чөйрөсүнүн өкүлдөрүн чакырып, мейман лекцияларын уюштуруу менен чоң маалыматтык жана тажырыйбалык байланыштар, “Өрүк-фест”, “Велопробег” сыяктуу биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлгөнүнө токтолду. Миграция боюнча эл аралык уюмдун улуттук программалык координатору Н.Омуров болсо диаспоралар менен иштөөгө бөтөнчө көңүл буруу керектигин, ал эми КР Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен иштөө боюнча кеңештин” ишин жакшыртуу зарылдыгын, ал иштей турган орган болууга тийиш экендигин баса белгиледи.
Жыйыныктап айтканда, бул иш чара «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамына бир канча толуктоолор жана оңдоолор зарыл экендиги тууралуу маанилүү маселени күн тартибине койду.