«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду «Жайлоо өнүгүү борборлору - 2017» долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу

September 25, 2017, 06:00

Урматтуу “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” күйөрмандары ошентип 2017-жылында аймактардагы «Жайлооөнүгүү борболорлорунун ишмердүүлүгү аяктады. Бул жылы Республика боюнча токсон сегиз “Жайлоо өнүгүү борборлору” иш алып барды. Жайлоо өнүгүү борборуна камтылган балдардын жалпы саны - 3054. Өлкөбүздүн тоолуу аймактарындагы балдардын өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу максатында “Жайлоо бала бакчалары” долбоору 2014-жылы ишке киргенден бери төрт жылдын ичинде 9000 ден ашык бала ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Андан тышкары ата-энелердин педагогикалык маданиятын арттыруу боюнча мастер-класстарыбыз иштеди.


Биздин долбоордун ийгиликтүү иштөөсүн камсыз кылууда өнөктөштөрдүн ролу абдан чоң экендигин баса белгилейбиз. Сиздердин ар бириңиздердин салымыңыздар тоолуу аймактардагы балдардын өнүгүшүнө зор салым кошууда.


Бул жылы борборлорду канцеляриялык жана өнүктүрүүчү материалдар менен камсыз кылууда ТИКА 55 жайлоо өнүгүү борборун толук камсыз кылды. Андан тышкары, Бай-Түшүм, Компаньон, Финка Банк жардамдарды көрсөтүштү. “Кыргызстандын жана Тажикстандын жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу аркылуу туруктуулуктуу бекемдөө” долбоору аркылуу Британия элчилиги Ага Хан менен кызматташтыкта Ош, Жалал-Абад, Баткен областарындагы 20 бала бакчаны колдоого алышты. ТИКА быйыл экинчи жыл жардам көрсөткөн болсо, аталган банктар төрт жылдан бери колдоо көрсөтүп келе жатышат.


Ал эми китептер менен камсыз кылууда өнүгүү борборлору бул жылы котормо адабияттар менен толукталды. Кыргызтандагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги 900 китеп, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 146 китеп, Польшанын ардактуу Консулу 100 китеп, жана ЮНЕСКО ар бир бала бакчага экиден китептерди тартуулашып, көмөк көрсөтүштү. Андан тышкары Абдыш-Ата компаниясы балдар үчүн жыйырма футбол тобун белекке берип, тоо балдарын кубанычка бөлөдү. Жогоруда аты аталган ар бир өнөктөшүбүзгө терең ыраазычылык билдиребиз.


Жер жерлердеги “Жайлоо өнүгүү борборлорунда” мастер класстарды өткөрүү, ата-энелер жана балдар менен иштөөдө жергиликтүү эжей-агайларыбыз жигердүүлүк көрсөтүштү.Андан тышкары өнөктөштөрүбүз БГУнун алдындагы Конфуций Институтунун Нарын Мамлекеттик Университети, Жалал-Абад Мамлекеттик Университети, Талас Мамлекеттик Университети, Ош областтык балдар чыгармачылык борбору, АЙСЕК, Кадамжайдагы “Пифагор” окуу борбору, Республиканынаймактарындагыбалдарчыгармачылборборлору, андантышкарыжергиликтүү жана чет өлкөлөрдөн келген ыктыярчылардын (волонтерлор) жардамы менен Жайлоо өнүгүү борборлорунун иштөө ишмердүүлүгүн сапаттын жогорулатууга мүмкүн болду.


Ак-Талаа, Кочкор, Ат-Башы, Өзгөн, Кадамжай өрөөндөрүндө алгачкы лагерлер ачылып, иштей баштады. Бул “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” өнүгүүсүнүн жаңы тепкичи болуп саналат. Ар кыл курактагы балдардын толук кандуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн мазмундук материалдарыбызды өнүктүрүү күндүн талабы. Андан тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, комдук уюмдар, ата-энелер менен тыгыз иштөөнү улантып, туруктуулукту камсыздоо, алардын кызыктыра турган механизмдерди иштеп чыгуу актуалдуу. Бул багытта лагерлерди өнүктүрүү, шаардык ата-энелер үчүн атайын программа иштеп чыгуу, тоолуу аймактардын туристтик потенциалын колдонуу сыяктуу пландарыбыз бар.

 

Дагы бир жолу бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирүү менен кийинки жылдарда да иштиктүү кызматташабыз деген тилектештикти билдиребиз.

 

“Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун командасы