Жалал-Абадда билим берүү форуму болуп өттү
September 20, 2017, 06:002017-жылдын 19-сентябрында Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары И.А.Масабиров, “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин ректору К.Ж.Усенов, райондук мамлекеттик администрациялардын социалдык тармактар боюнча орун басарлары, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккандар, эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки жана мектеп билим берүү уюмдарынын жооптуу адистери,шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчилери, айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, усулдук борборлор, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин, педагогикалык колледжинин жана жеке менчик педагогикалык колледждин профессордук- педагогикалык курамы жана студенттери, ата-энелер,өкмөттүк эмес уюмдардын жана ММК өкүлдөрү катышышты.
Форумдун ишин долбоордун координатору Р.Ж Кайыкова алып барды. КР Өкмөтүнүн Жалал Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары –аппарат жетекчиси И.А. Масабиров куттуктоо сөзүн айтып, иш-чарага ийгиликтерди каалады. Андан кийин сөз сүйлөгөн К.Ж.Усенов наристелерди эртелеп өнүктүрүү маселесинин бүгүнкү күндө өтө актуалдуулугуна токтолду жана “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонддун бул багытта жүргүзүп жаткан иштеринин абдан маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева өзүнүн сөзүндө балдар Кыргызстандын башкы байлыгы экендигин белгилеп, аларды канткенде өз учурунда өксүтпөй өнүктүрө алабыз деген маселени койду. Ошондой эле ал балдарды эртелеп өнүктүрүүгө арналган ЮНИСЕФ менен Фонддун биргелешип жүзөгө ашырып жаткан долбоорунун максаты тууралуу катышуучуларга кенен айтып берди. “Экономикадагы айрым өксүк учурларды биз кайсы мезгилде болбосун оңдоп коё алабыз, ал эми баланын өнүгүүсүндөгү өксүктөрдү убактысынан кечиктирип алсак аны толуктоо таптакыр мүмкүн эмес. Азыр өлкөбүздө төрөлгөндөн 6 жашка чейинки 800 миң бала бар. Ал эми төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдардын өнүгүү жоопкерчилигин бир да министрлик карабайт ” деп айтты өз сөзүндө Д.Ш.Кендирбаева.
Форумдун иши адаттагыдай эле эки бөлүктөн турду.
Биринчисинде ЮНИСЕФтин эксперттери А.Камалова жана Ф.Б.Исакова катышуучуларга төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары жана Баланын өнүгүүсүн байкоого алган ата-энелер үчүн Күндөлүк тууралуу маалыматтар берилип, тааныштырылды. Чыгып сүйлөгөн эксперттер бул документтердин маанисине кенен токтолгон соӊ, аларды жайылтуунун жана колдонууга киргизүүнүн жолдорун иштеп чыгуу маселесин коюшту.
Иш чаранын экинчи бөлүгүндө болсо катышуучулар 4 топко бөлүнүп, стандарттарды жүзөгө ашырууда жана Күндөлүктү пайдаланууда бирдиктүү ишмердик маселелерин талкууга алышты. Бул багытта сунуш, пикирлерин беришти.
Ошондой эле Форумдун жүрүшүндө төмөндөгүдөй олуттуу маселелерге көӊүл бурулду:
• Төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын, Күндөлүктү ата-энелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине, жогорку окуу жайларына жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине электрондук түрдө жайылтуу
• Кош бойлуу аялдарга Стандарттар жана Күндөлүк тууралуу маалыматтарды берүү
• Стандарттарды жана Күндөлүктү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Аялдар кеңештерине,мектептерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жайылтуу
• Ата-энелерди, ден соолук комитеттеринин мүчөлөрүн, билим берүү кызматкерлерин окутуу
Иш чаранын соӊунда катышуучулар Базалык Стандарттарды жүзөгө ашыруу үчүн башкы механизм катары адистерден, эксперттерден турган бирдиктүү Желени түзүү зарыл экендигин баса белгилешти.
Контакты: Т.Шайдуллаева 0772 85 57 10 0552 85 57 10