Караколдо билим Форуму болуп өттү

August 28, 2017, 06:00

2017-жылдын 25-августунда Каракол шаарында Каракол педагогикалык колледжинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өттү.


Иш чарага КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.В.Усенова, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккандар, эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчилери жана Каракол педагогикалык колледжинин студенттери жана педагогикалык жамааты катышты.


Форумдун өткөрүүнүн максаты – Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу болду.


КР Өкмөтүнүн Ысык-Кол облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.В. Усенова Форумдун ишин ачуу менен, куттуктоо сөзүн айтты.


Форум учурунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн маанисине жана бул маселеге байланыштуу өлкөдөгү көйгөйлүү жагдайларга кеңири токтолду. Тактап айтканда билим берүү системасы, коомчулук, ата-энелер наристелерди өнүктүрүүгө бүгүн жаңыча, астейдил мамиле жасоого милдеттүү экендигин, антпесек, балдарды тарбиялоодо компетенттүүлүктөн артта калаарыбыз тууралуу маселени курч козгоду. Масару Ибуконун «3 жаштан кийин кеч» китебине таянуу менен биздин ата-энелер балдарды тарбиялоодо көп жайгдайларды эске албай келгенибиз тууралуу ачуу чындыкты моюнга алды. Ошондой эле ал эртелеп өнүктүрүү боюнча Базалык стандарттарды биргелешип жүзөгө ашырууга чакырды.


Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ)Эртелеп өнүктүрүү боюнча программаларынын координатору Чынара Жумагулова өз сөзүндө форумдун катышуучуларынын көңүлүн эмне себептен Базалык стандарттарды иштеп чыгуу зарылдыгы пайда болгонуна жана бул документтин балдарды өнүктүрүүдөгү ролуна токтолду.


Андан ары Форумдун иши эки бөлүктөн турду.


Биринчисинде катышуучуларга ЮНИСЕФтин эксперти А.Камалова төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары жана Баланын өнүгүүсүн байкоого алган ата-энелер үчүн Күндөлүк тууралуу кенен маалыматтарды берди. Чыгып сүйлөгөн башка эксперттер да бул документтердин маанисине кенен токтолушту жана аларды жайылтуунун жана колдонууга киргизүүнүн жолдорун иштеп чыгуу маселесин коюшту.


Иш чаранын экинчи бөлүгүндө болсо катышуучулар топторго бөлүнүп, стандарттарды жүзөгө ашырууда жана Күндөлүктү пайдаланууда бирдиктүү ишмердик маселелерин талкууга алышты. Бул багытта сунуш, пикирлерин беришти.


Ошондой эле Форумдун жүрүшүндө төмөндөгүдөй олуттуу маселелерге көӊүл бурулду:

• Базалык Стандарттарды жүзөгө ашырууда ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу максатында Массалык маалымат каражаттарын кеӊири тартуу;

• Педагогикалык адистерди даярдоодо Базалык Стандарттарды окутуп үйрөтүүнү окуу планына киргизүү;

• Медициналык кызматкерлердин , айрыкча ата-энелер меннн иштеген кызматкерлердин бул багыттагы билимин жогорулатуу ж.б.


Иш чаранын соӊунда катышуучулар Базалык Стандарттарды жүзөгө ашыруу үчүн башкы механизм катары адистерден, эксперттерден турган бирдиктүү Желени түзүү зарыл экендигин баса белгилешти.