«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында 20-июлдан 26-июлга чейин «Конок мугалим» программасы боюнча тарбиячылардын жана уюштуруучулардын алмашуу визити болуп өттү

July 28, 2017, 06:00

2017-жылдын 20июлунда тарбиячылардын тажрыйба алмашуу «Конок мугалим» программасынын алкагында түндүк региондордунТалас, Нарын жана Ысык-Көл областтарынын жайлоолорундагы Өнүктүрүү борборлорунун тарбиячыларынын жана уюштуруучуларынын Түштүк областтарга алмашуу визити башталды. Коноктор жайлоолордогу өнүктүрүү борборлорунда мастер-класстарды өткөрдү, тажрыйба алмашты жана кабыл алып жаткан тараптын маданиятынын, каада-салттарынын өзгөчөлүктөрү жана ажайып жерлери менен таанышты. Мындай алмашуу программалары педагогдордун дүйнө таануусун кеңейтет, билим берүү тутумунун педагогдорунун жана кызматкерлеринин деңгээлинде региондуккызматташтыкты бекемдейт, конкреттүү алынган чөлкөмдүн мисалында Кыргызстандын тарыхы жөнүндө билимдерди жогорулатат.

 

Иш-чараны «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ DFID’нын, Улуу Британиянын КРдагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен, Ага-Хан Фонду менен бирдикте уюштурду.

 

Алмашуу визитинин максаты – өнүктүрүү борборлорунда иштеп жаткан тарбиячылардын ортосунда тажрыйба алмашуу; Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун мыкты тажрыйбасын жайылтуу; педагогдордун региондуккызматташтыгы; түштүк региондордун маданиятынын өзгөчөлүктөрү жана ажайып жерлери менен танышуу.

 

Конок мугалимдердин тизмеси:

1. Мамбетова Алтынай – Кок-Сай АА, Кара-Буура району, Талас областы.

2. МурсалиеваЖеңишкүл- Куртка АА, Ак-Талаа району, Нарын областы.

3. Касиева Чолпон – Түп айылы, Түп району, Ысык-Көл областы.

4. АжараДүйшөналиева- Ат-Башы айылы, Ат-Башы району, Нарын областы.

5. Дыйканбаева Зейнеп- Липенка АА, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл областы.

 

Түштүк маршрут боюнча биринчи жолугушуу 27-августта Ош областынын Ноокат районундагы “Кара-Кой” Жайлоодогу өнүктүрүү борборундагы тарбиячылар, ата-энелер жана балдар менен өттү. Жайыт комитетинин төрагасы жана Жайлоодогу өнүктүрүү борборунун (ЖӨБ) уюштуруучусу Досанова Бүбүсара 4 жаштан 12 жашка чейинки балдар тарбияланып жаткан ЖӨБнын иши жөнүндө айтып берди. «Конок мугалим» программасынын алкагында конок тарбиячылар ошондой эле алар окутуу учурунда жер-жерлерде балдарга көрсөтүп жаткан билимдер жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө өз таасирленүүлөрүн бөлүштү. Андан соңбалдар чакан концерттик программаны көрсөттү. Андан кийин топ Абшир-Ата шаркыратмасы бар Абшир-Сайга бет алды.

 

Сапардын экинчи күнү конок мугалимдер Ош шаарынын ажайып жерлери менен таанышты, Сулайман Тоого барды, андан ары Кара-Суу районунун Кара-Чукур жайытындагы “Роза” Жайлоодогу өнүктүрүү борборуна багыт алды. Тарбиячылар борбордун иши менен таанышты, балдар чакан программаны көрсөттү. Андан соңтарбиячылар балдар үчүн ар кандай оюндарды жана мастер-класстарды уюштурду.

 

Кийинки күнү программанын катышуучулары Өзгөн шаарынын ажайып жерлери менен таанышты жана Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылына, “Кең-Кол” Жайлоодогу өнүктүрүү борборуна жол тартты. Бул жерде балдар жана ата-энелер чакан программаны көрсөттү, тарбиячылар мастер-класстарды өткөрдү жана борбордун иши менен таанышты. Андан кийин топ Арсланбап жаратылыш жаңгак паркына бет алды.

 

Төртүнчү жана бешинчи күнү конок мугалимдер Ала-Бука районунда болду, анын ичинде Шах-ФазильСафид-БуланМавзолейине барды. Кийинки күнү тарбиячылар “Наристе” Жайлоодогу өнүктүрүү борборунун иши менен таанышты. Борбордо балдар чакан концерттик программаны көрсөттү.

 

Алтынчы күнү топ Бишкекке келаткан жолдо жергиликтүү ажайып жерлер менен таанышты жана кечке жуук Бишкек шаарына аман-эсен келип жетти.

 

Түштүк региондордогу педагогдордун түндүк региондорго кийинки алмашуу визити 2017-жылдын 31-июлунан 5-августуна чейин өтөт.